www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан социал-демократтар” саясий партиясы мүчөлөрү жана тарапташтары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу саясий партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Сеид Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кайрадан катышат деген чечим кабыл алынган.

Сеид Атамбаев ошондой эле тарапташтар Алмазбек Атамбаевдин алдыдагы президенттик шайлоодогу ролуна кызыкдар экендигин айтты. Аларга, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, бир эле адам бир жолудан ашык эмес президенттик кызматты аркалай алаары эскертилди.

Эске салсак, “Кыргызстан социал-демократтар” партиясын мурунку мамлекет башчынын тарапташтары жана балдары түзүшкөн. Партия 2020-жылдагы шайлоодо утулуп калган.

5-октябрда өткөн элтолкундоосунан кийин БШКнын чечими менен шайлоо натыйжалары жараксыз деп табылып, азыркы учурда жаңыдан шайлоо күнү белгиленээри күтүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости