www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-октябрда Чехиянын борбор калаасында футбол жана хоккей күйөрмандары коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөргө каршы митингге чыгышты. Шаардын борборундагы Старомест аянтына чогулган эки миңдей адам чех өкмөтү тарабынан киргизилген чектөөлөргө нааразылыгын билдиришти. Тагыраагы кесипкөй спортко жол ачуу талабы коюлду.

COVID-19 инфекциясынан улам Чехияда карантиндик чектөөлөр күч алып, футбол жана хоккей матчтары токтотулган. Кафе-бар, ресторандар, маданий мекемелер жана мектептер иштебейт. Соода түйүндөрү жана дүкөндөрдүн ишине уруксат бар, адамдар ары-бери эркин жүрө алышат.

Митингдеги адамдардын саны уруксат берилген чектен ашып баратканда полиция тароого буйрук берди, бирок ошол эле учурда күч колдонулбасын эскертти. Бирок акциянын аягында айрым катышуучулар полициянын кордонун бузууга аракет кылышты. Алар полицияга петарда, таш жана башка оор буюмдарды ыргытышты. Полиция суу бүрккүч техниканы жана желим союл колдонду. Ондогон адамдар кармалды, жабыркагандар бар.

Көчө зомбулугун премьер-министр да, оппозициялык саясатчылар да сынга алышты.

Чехияда сентябрь айынан тартып коронавирус жуктурган адамдардын саны кескин көбөйө баштаган. Акыркы убактарда күн сайын 10 миңдей адам вирус жуктуруп алганы тастыкталууда. Бул жалпы элдин 0,1 пайызына барабар.

Чехиянын бийлиги оору жайылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн карантиндик чектөөлөрдү киргизген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости