www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаровго шайлоочуларды сатып алуу боюнча отчетторго сыйлана турган норманы бекитүүнү сунуштоодо. Ал президентке кат жөнөтүп, Facebook баракчасынан бөлүштү.

Депутат мындай сунушту ал мамлекеттик резиденцияда президент менен болгон жолугушууда айтканын, андан кийин мамлекет башчысы бул демилгени жалпысынан колдогонун эске салды. Бирок азыр депутат президенттен анын администрациясына бул маселени иштеп чыгууну жана бюджеттен каражат бөлүүнү тапшырууну суранууда.

Мисалы, Бекешев белгилегендей, эгерде шайлоочу талапкер же партия тарабынан пара алуу фактыларын сүрөткө же видеого жазса, анда ал 10 миң сом менен сыйланышы мүмкүн. Ошентип, шайлоочу добушун саткандан көрө, пара берүү тууралуу билдирүүсү пайдалуу болот, анткени партиялар бир добушту 10 миң сомго сатып албайт да.

Бекешев мындай стимулдар коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү куралы болуп калат деп ишенет.

Мындан тышкары, катта депутат президенттен анын туугандары жана достору шайлоого таасир этүүгө жана бийликчил делген партияларды үгүттөөгө аракет кылбоосу үчүн так сигнал берүүсүн суранат.

"Алмазбек Атамбаев биометрика аркылуу добуштарды ачык саноону уюштурган президент катары өлкөнүн тарыхына кирди, ал эми Садыр Жапаров парламенттик шайлоону паракорсуз жана административдик ресурссуз уюштурган президент катары кала алат", - дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости