www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана башка спортчуларга мамлекет тарабынан батирлер убактылуу гана берилген. Башкача айтканда кызматтык үйлөр болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кызматы үчүн турак-жай алган спортчулар менен башка кишилер аны “кызматтык” деген макам менен гана алышканын айтты. Себеби, алардын берилиши мыйзам менен жөнгө салынган эмес.  

"Бизде дайыма спорт, маданият тармагындагы белгилүү адамдарга мамлекет тарабынан белекке батир тапшырылат. Акыркы жолу балбан Айсулуу Тыныбекова алды, мурда бильярдчы Каныбек Сагынбаев, эң узун киши Жеңиш Райымбаев алган. Аны президент, премьер-министр да белекке бердик деп айтышат. Бирок мыйзам боюнча кызматтык батир деп айтылат экен. Эгер алар каза болуп калса, үй-бүлөсүн чыгарып, батирди мамлекет өзүнө алып коёт", — деди Бекешев.

Буга байланыштуу ал турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору жарандарга өлкө мыйзамдарына ылайык белек катары алган турак-жайды мыйзамдаштырып алуу максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, мамлекет тарабынан деп берилген  батирлер спортчуларга гана эмес, башка тармактын өкүлдөрүнө дагы берилип келет.  

Өткөн жылы Сооронбай Жээнбековдун колунан үч бөлмөлүү батирдин ачкычын күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости