www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адегенде Нарын шаарындагы облустук китепканага баш бакты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Нарын шаарындагы Сагынбай Орозбаков атындагы китепканасы жайгашкан имараттын салынганына эле 80 жыл болгон. Ал эми китепканынын уюшулганына андан да көп убакыт болуптур. Китеп фондусунун 70 пайызы эбак эскирди, анын ичинде кыргыз тилиндеги адабияттар болгону 30 пайызын түзөт. Китп фондун жаңылоо боюнча аракеттер бар, бирок жетишсиз. Китепкананын чатырынан суу агып, дубалдарынын сырткы шыбагы көчүп түшө баштаган.

Аталган китепкананы заман шартына ылайык иштетүүгө имараты тардык кылууда. Бирок, ошого карабастан маалымат алуунун мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында ар кандай курстарды, бурчтарды, жаш ишкерлер лагерлери өңдүү маалымат алмашуу аянтчаларын түзүшкөн. Китепкананын иши менен таанышып чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков өзү менен кошо ала келген китептерди тапшырды.

Андан соң Эл депутаты Чыныбай Турсунбеков баштаган топ Нарындагы медициналык окуу жайына келип киришти. Аталган окуу жайында 413 студент билим алат экен.

Материалдык-техникалык базасын колледждин жетекчилиги өз күчтөрү менен чыңдап алып жатышкан. Билим берүү жаатында маселе жок. Бирок, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Медициналык академияга тапшыра алышпайт. Анткени, жалпы республикалык тестирлөөгө катыша алышпайт. Эч болбосо окуу жайын артыкчылык дипломдору менен аяктагандарга кандайдыр жеңилдиктер каралса дешет.

Ошону менен катар эле заман шартына ылайык жаңы багыттагы курстарды, жаңы кесипке үйрөтүүчү бөлүмдөрдү ачууга бөгөт болгон жагдайлар бар.

Эскере кете турган дагы бир нерсе кыргыз тилиндеги окуу куралдарынын жетишсиз. Андыктан орус тилиндеги колдонмолордун бардыгын мугалимдер жамааты өздөрү которуп окутууга мажбур.

Ал эми Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы негизги көйгөй айылдын үстүндөгү каналды калыбына келтирүү иштерин ыкчамдатуу болуп саналат. Каналдын алдындагы үйлөрдүн алдынан, айдоо аянттарынан суу чыгып жергиликтүү элди түйшүккө салууда. Андан тышкары сугат суулары менен камсыз кыдуу үзгүлтүккө учурап калууда.

Айылдагы «Байменде-1» каналынын улам жарактан чыккан жерин оңдоп абалдан чыгып келишкен. Аны оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп турууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин чамасы келбейт.Андыктан аталган каналды Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берсе дешет.

Айыл аймагында жол маселеси да оор. Быйылкы жылга 3 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Эң негизгиси эл депутаты элдин тынчын алган маселелер менен жеринде таанышып, тиешелүү уюмдар менен кеңешип, көйгөйлүү маселелерди өкмөткө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алды.

 

 

 

Последние новости