www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер боюнча жарыш сөздө депутат Дастан Бекешов ардагерлердин маселесин көтөрүп чыкты.

Депутаттын айтымында, өлкөдө 220 эле ардагер калган. Аларга жакшы көңүл бурулбай жатат.

“Быйыл Ата-мекендик согуштун 75 жылдыгы белгиленет. Бизде 220 эле ардагер бар. Биз ошолорго, ушул жылда 70 миңден бербейлиби. Ооба акча кетет. Мен санап көрдүм 15 млн 400 миң сом болот. Дайыма элеакча жок дейбиз. Жылдан-жылга саны азайып бара жаткан ардагерлерибизге көңүл буруп, дөөлөттүү карылыгын татыктуу жашап өтүүсүнө көмөк көрсөтүшүбүз керек”,-деди депутат Дастан Бекешов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости