www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында президенти Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып жатат.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү Өлкөнүн Президентинин катышуусу менен өтүүдө. 

Кыргыз Республикасынын жаңы дайындалалган өкмөт мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлер Асрандиев Эркин Шамшудинович, Мадумаров Акрам Камбаралиевич, өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Замирбек Марипбаевич борбордук трибунага чыгып ант беришти.

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөп, өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолууда.

"Бүгүн жаңы дайындалган өкмөк мүчөлөрүнүн ант берүүсү менен куттуктайм!

Элибизге, мекенибизге ак, таза кызмат кылып бергиле. Силерге, жалпы өкмөткө ийгиликтерди каалайм!", - деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына чыгып сүйлөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости