www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңеш жыйынында “Кумтөр” алтын кениндеги кырсык тууралуу маселе көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, кыска мезгил аралыгында эле «Кумтөр» алтын кенинде эки жолу авария болуп, үч адам өлдү. Авариялардын жана адамдардын өлүмүнүн негизги себептери азыркыга чейин так аныктала элек. Жергиликтүү тургундар өтө нааразы. Ошондуктан, депутаттык комиссия түзүп, адам өлүмүнө алып келген кырсыктардын себебептерин аныктап, анын жыйынтыгы менен кандайдыр бир чараларды көрүү керек.
«Депутаттар буга чейин «Кумтөр» алтын кени боюнча бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөргөнүнө карабастан, тийиштүү органдар тарабынан жетиштүү чаралар көрүлбөй келет. Ошонун айынан дагы үч адам өлдү. Бул жолу парламент дагы, Өкмөт дагы унчуккан жок. Өкмөттүн комиссия түзүлдү дегени менен, ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок, авариянын себептери аныктала элек. Ошондуктан, бул маселени ошол бойдон калтырганга болбойт», - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg