www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги генерал Абдулло Навжувоновдун сөзүнө баа берилиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабылды Тиллаев билдирди.
Ал Тышкы иштер министрлигин генерал сөзүнө баа берип, эл аралык келишимдердин негизинде жооп айтууга чакырды.
"Андай сөз андай жерде айтылбаш керек. Мындай көз-карашта кызматкерлер жооптуу орундарда иштебеши зарыл", — деди Тиллаев.
Эске сала кетсек, 12-февралда Тажик генералы Согдий облусунун укук коргоочулары үчүн Кыргызстан менен чектешкен чек ара маселеси терроризм жана экстремизм менен катар эле негизги көйгөй болуп саналарын айтып, “Бул көйгөйдү биздин бабаларыбыз мурас катары калтырды. Эгер тарыхты карап чыкса, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес. Менин бабаларым кыргыздарды алып келип, аларга жер берген. Ал эми, бүгүнкү күндө бул, биз үчүн көйгөй жаратууда”, - деп айткан.
14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакыртылган. Кыргыз тарап Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө кескин тынчсыздануусун билдирген.
Булак: NazarNews.kg