www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына чыгып сүйлөп жатат.
Анда өлкө башчы айылдардагы таза суу маселесине да токтоло кетти.
Презитенттин айтымында, акыркы жылдары 107 айыл таза чуу менен камыз болду. 2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштери бүтүрүлүп, таза суу инфраструктурасы жаңыртылат.
“Жалпылап айтканда, жакынкы беш жылда Кыргызстандын баардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Бүгүн Эл аралык финансылык институртардын казынасы аркылуу 588 айылга тизме түзүлүп, баардыгы 33 млрд сомдук финансылык булактар аныкталды. Иневесторлор менен каржы тартуу багытында сүйлөшүүлөр уланат”,-деди президент.
Ошондой эле, узак мөөнөттүк насыялар жана бюджеттен каражат каралып жатканын да билдирди.
“Кайда барбасын таза суу деп айтат деп көпчүлүк айтышы мүмкүн. Таза суу-калкыбыздын, балдарыбыздын ден соолугу. Биздин улутубуздун салматтыгы. Каяктагы экономика? Каяктагы туризм? Каяктагы өндүрүш өнөр жай? Эгерде айылдарда таза суу болбосо. Таза суу жок жерге ким келет?Кайсы өндүрүш салынат? Каяктагы экономика болот? Таза суу жок жерден миграция күчөп жатат. Таза суу алып келсек, миграция дагы токтойт. Өндүрүш иштеп, ишкерлер бара баштайт. Туристтер дагы келе баштайт”,-деди өлкө башчы.
Булак: NazarNews.kg