www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖКнын  депутаты Дастан Бекешов Бишкек шаардык мэриясына кедей-кембагалдарга бекер көмүр таркатууну токтотуу сунушун жөнөттү. Шаар мэри аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2018-2019-жылга карата көмүрдүн ордуна акча бөлүп бермекчи.

Эл өкүлүнүн айтымында, аны менен шаар бийлиги шаардын абасын бузууга салым кошууда.

«Анын ордуна газды киргизүүгө көмөктөшүү керек. Шаар тургундарын абаны бузбаган отун менен үйдү жылытууга көндүрүү керек, андан көрө газды туташтырууга жардам берүү керек. Бул экологиялык жактан таза болот» — дейт Жогорку Кеңештин депутаты.

«Бишкек жылуулук станциясынын» жетекчилиги аларга карата айыптоолорду четке кагып, шаардын абасына 14 пайыз гана таасир берерин, абаны үйүн көмүр жылыткан жеке сектор булгап жатканын айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости