www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн Фейсбук баракчасынан төмөндөгүлөрдү билдирди:

-Абдан жиним келип отурам. Токмок шаарынан бир эже келди. Жолдошу инвалид экен,5 баланын апасы экен.

Өзү Токмоктун базарында узун көйнөк, хиджап сатып балдарын багат. Эми эжеге экстремисттик маалыматты үйүндө кармоо боюнча кылмыш ишин козгошуптур.

Үйгө тинтүүгө автоматтар менен келип, үйдү эки сапырып 5 диск алып кетишкен дейт. Азыр ошол дисктерди экспертизага берип, күнөөнү мойнуна илгени жатышыптыр. Былтыр, бир баламды унаа кагып алып, жакшы болгон дейт. Кичине түлөө кылып койоюн, балам аман калды, деп кошуналарды жана базардагы 3-4 сатуучуну үйгө чайга чакырып койгом дейт.

Ошону сүрөткө тартып, даават кылып элге экстремисттик ойлорду таркатып жатат, деп жалаа жабып жатышат, деп бизге билдирди.

2013 жылы УКМК (ГКНБ) кылмыш кодекске атайын бир өзгөртүүлөрдү киргизип, ошонун аркасы менен бир кичинекей кагазды ыргытып коюп мусулмандарды экстремист кылганга өтүштү. Биздикиндей мыйзам дүйнө жүзүндө жок.

Андай мыйзам УКМКга эле керек болчу. Көбүрөөк адамды жоопко тартса, көбүрөөк киреше табышат. Бирөөлөрдүн көз жашы ал кызматкерлердин башын оорутпайт.

Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович, Премьер Министр Сапар Жумакадырович, Спикер Дастан Артиспекович!

Ушул жылы Көчмөндөр оюнун өткөрөбүз деп жатасыңар - өлкөбүзгө көп турист келсин деп.

Экстремистердин уюгуна ким эс алганы келсин? Биздин алыска ой жүгүртпөгөн УКМК, өз кызыкчылыгын ойлоп, баардык жарандарыбызды экстремист кылып бүттү.

Бул иш чара ишке ашып калганы 5 чакырылыштын депутаттарынын дагы күнөсү бар. УКМК даярдап келген кылмыш кодексин жакшы карабай, колдоп беришкен.

Азыр жаңы кылмыш кодексте баарын оңдошту, бирок жаңы кылмыш кодекси 2019-жылы гана ишке кирет.

1-жылдын ичинде дагы канча момун мусулман, жөн жактан кылмышкер болушу керек? Расмий статистика биздин өлкөнү экстремисттердин уюгуна айлантты.

Эртеңки келечекти ойлойсуңарбы? УКМКнын ишин көзөмөлгө алып, бул башаламандыкты токтотпосоңор, СИЗДЕР экстремисттик өлкөнү башкарасыңар дегенге даяр болгула.

Элдин көз жашы, күнөөсүз адамдын ыйы жөн кетпейт. Келечекти ойлонолу десек, бул маселе тез арада чечилиши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости