www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйында “КРдин айрым мыйзам актыларына тарыхый, маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу, теле көрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү” жөнүндө мыйзам каралды.
Жыйында депутат Дастан Далабаевич депутаттарга кайрылып, бул мыйзам долбоорго жакшылап көңүл буруу керектигин айтты.
“Бул мыйзам долбоору менен 1-январга 2023-жылга чейин эки россиялык каналга жарнак рынокко киргенге биз уруксатты берип жатабыз. Биз буларга бекер мультиплексти бердик. Керек болсо, биз ошол КРдин бюджетинин эсебинен “эки россиялык канал көрсөтүлсүн” деп өзүбүз эле төлөп жатабыз. Элдин акчасын ошого кетирип жатабыз. А контентти карасак, ошол эле РТР-Планета мамлекеттик каналында Соловьев булбулдай сайрап, Кыргызстанды “согуп” жатканына төлөп жатабыз. А эмнеге биз өзүбүздүн атамекендик телерадиокомпанияларга уруксат бербейбиз? Эмнеге кризис учурунда мультиплекстин арендасын льгота кылбайбыз? Эмнеге биз эки россиялык каналды колдоп жатабыз? Мен бул мыйзамды колдобоого чакырат элем”,-деди депутат Дастан Бекешов.
Ошондой эле депутат, Улуттук биринчи канал оруссиялык эки каналды дагы деле каржылап жатканын айтып, мыйзам долбоорду четке кагыш керектигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg