www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өттү. Анда депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү кол койгон жарлыктар кабыл алынды.

Депутат Дастан Бекешов 15-апрелге чейин отурум болбосун, бирок, керектүү учурда жыйынды өткөрүүгө уруксат берилиш керектигин айтты.

“Уят эле болуп атпайбызбы. Каникулга кетип, анан өзгөчө абалда чогулуп”,-дейт депутат.

Анда спикер Дастанбек Жумабеков эч ким каникулга кетпегенин айтып, кезексиз жыйындар боло турган болсо, чогулуп жыйын өткөрүлүп турарын билдирди.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости