www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн „Жоогазын революциясына“ — 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революцияга 15 жыл болду.

Байыркы кыргыз элинин зордук-зомбулук жана адилетсиздик менен эч убакта келишпеген, эркиндикти туу туткан каарман калк экени дүйнөгө билинди.

24-март Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калат.

Урматтуу мекендештер!

Кайсыл жерде тынчтык, биримдик, мыйзамдуулук болсо, ошол жерге инвесторлор агылып келет. Коомдук-саясий туруктуулук орноп, өнүгүү болот.

Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун!

Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге ырыс-береке берсин!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости