www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска чалдыккан аялдын 1 жашка чыга элек ымыркайынан 3 жолу анализ алынган. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын кабарына таянсак, баладан контролдук 3 ирет анализ алынган. Натыйжада наристеден илдет тастыкталган жок. 

“Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 1 жашка чыга элек ымыркай, 6 жашар бала жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Алардын абалы канаттандырарлык” – деди Акматова.

Картинки по запросу "айнура акматова"

Эске салсак, бүгүн, 24-мартта Кыргызстанда 26 адамдан коронавирусту аныкталганы маалым болгон. Айнура Акматованын айтымында, алардын 16сы Сауд Арабиясынан умрадан келишкен болсо, калган 12си алар менен байланышта болгондор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости