www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда түнкүсүн коменданттык саат режимин бузгандарды кармап кетет. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев ЖМКларга билдирди:

«Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандарды ички иштер органдары өздүгүн жана көчөдө жүрүү себебин тактоо үчүн убактылуу кармай алат. Өздүгү аныкталбагандар үч суткага чейин камалат. Күч каражаттары жетиштүү. Коомдук тартипти, жол коопсуздугун жана элдин тынчтыгын коргоого күчүбүз жетет», - деди Орозалиев.

25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости