www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темирбек Токтогазиев: Дастан мырза, «Манас жаңырыгы» сыналгыда сиз менен 16 сааттык маегибиз бар экен. Бул маектерде, негизинен, улуттук дөөлөткө тиешелүү ар кыл суроолор чагылдырылыптыр. Эми, бул маегибизди тарыхтан баштасак. 2018-жылы басмадан чыккан «Горы и высокогорье – колыбель человечества» аттуу китебиңиз илимий чөйрөгө багытталып, аны түшүнүп, кабыл алуу кесиптүү билим, атайын даярдыкты талап кылат экен. Маегибиз окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган соң, илимий тереңдикти козгобой, кыска жана жөнөкөй түшүнүктөр менен жооп берсеңиз.

Кыргыз дүйнөтаанымы

-ХХ кылымда эки миллиард адам дүйнөнү христиан  (анын ичинде католик, протестант жана православие) дини аркылуу тааныйт, бир жарым миллиард – ислам дини, миллиард – будда жана конфуциан ынанымдары аркылуу кабыл алат. Кыргыз дүйнө таанымы кайсынысына кирет?

-150 миң жыл илгери адам  баласы табиятты, айлана-чөйрөнү кабыл алып, тааныганы бир эле максатка ылайык болгон: ачкадан өлбөй, суука тоңбой, жырткычтардан ажал таппай, аман калууга жетүү. Адамдын ой жүгүртүүсү табиятта эмнеге учурап, эмнени көрсө - ошону менен гана чектелген. Бейиш, тозок, шайтан, пирлер ж.б. абстракттуу түшүнүктөр ойго кирүү мүмкүн эмес эле. Азыркы түшүнүк менен мүнөздөгөндө - ал доордо адам баласы “ашынган прагматик, чексиз материалист” болгон. Антпесе аман калып, тукум улай албайт эле.

80 миң жыл өткөндө адамдын ой жүгүртүүсүндө “когнитивдик революция” болгонун илим далилдеди. Табиятта жок таш куралдарды ойлоп, таап, жасай баштады, “кайсы бир жаныбар (багыш, аю ж.б.) биздин колдоочу», - деп, ишене баштады, тилдин мүмкүнчүлүгү кеңейди. Мунун баары жан-жаныбарлардын жашоо сырын билип, алдын алуу аракеттенүүгө жол ачты, кийин табияттын сырын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Аман калуу амалдары кыйла кеңейди.

Табияттын абалын байыркы бабаларыбыз (жаз, жай, күз, кыш, бороон, жаан ж.б.) асмандагы Ай, жылдыздар менен байланышта болгонун байкап, биле баштады.  Ай календарын 24 миң жыл илгери түздү, Күн, Айдын тутулганын алдын ала көрсөтө алды.

-Бул божомолбу же аныкталган маалыматпы?

-Илимий китептен үзүндүнү которбой келтирейин: “Древний человек обладал гораздо более подробными, разнообразными и глубокими знаниями о своей среде обитания, чем ныне его потомки. На индивидуальном уровне древние собиратели и охотники заслуживают звания самых эрудированных и умных людей в истории. Размер мозга сапиенса после той эпохи в среднем уменьшился, выживание в древности требовало величайшего интеллекта” – стр. 62  (Юваль Ной Харари Sapiens. Краткая история человечества. Москва,  Синдбад, 2019 г., 512 стр.).

-Тарых илиминин доктору Ларичев В.Е. «арифметика менен  геометрияны билгенде гана  ай календарын түзүү мүмкүн» - деп жазды дедиңиз эле…

-Манастан төрт сап келтирейин: “Алдыдагы жер деди,

                                                            Жер көтөргөн жел деди.

                                                            Жердин өзү дөңгөлөк.

                                                            Асмандагы жылдызды

                                                            Адам болжоор неме эмес.

                                                            Ар бир жылдыз Ай, Күндөн

                                                            Чоңдугу да кем эмес.”

30 – 50 миң жыл мурун жылдыздардын сүрөтүн ташка чегип, ай календарын түзүп, алдын ала аба ырайын көрсөтө алган бабаларыбыздын астрономия билимине илимпоздор бүгүн да таңкалып жатпайбы.

Сумбула жылдызы тууганда таң сууйт. Тараза жылдызы чыкканда суу муздап, кол чыдабай калат. Тараза жылдызы чыкпай жылкы семирбейт. Бул жылдыз төбөгө келгенде кыш теңелет. Беш тогоол болмоюн бел чечилбейт. Үркөр батат, соко жатат, ж.б. маалымат байыркы замандан бери келаткан бабаларыбыздын билими.

-Ушунун баарын билген кыргызды басынтып, “тоого, ташка сыйынган жапайычылык” деп айтып жатпайбы айрым молдокелер...?

-Сабатсыз, билимсиздер айта берет да, аларга теңелип болобу...

-Кыргыздын дүйнөтаанымына кайрылалы...

-Илимпоздорго арналбаган соң, тереңдетип олтурбай, ирилештирип айтайын.  Кыргыз дүйнө таанымын бабалардан калган учкул сөздөр көрсөтөт. “Атабыз – Нур, энебиз – Жер, каныбыз – суу, жаныбыз – аба”. “Суу - өмүрдүн булагы”. Ошон үчүн кыргыз “атыр жыттуу” абасы, мөлтүрөгөн мүрөк суусу бар жерди мекендеген, мунун баары бийик тоодо гана болгон. “Эркек – сел, аял – көл”. “Эркек – үйдүн күч кубаты, тиреги, аял – үйдүн шам чырагы, тилеги”. “Эркектин билеги, аялдын тилеги күчтүү”. “Эркектен - бир күлүк, аялдан – миң күлүк”. “Атасы жаман – оңолот, жатыны жаман – оңолбойт”. “Жандуунун баары адамга шерик”. “Турмуш тагдыры - өзүңдөн, өмүр тагдыры – жараткандан”.  Жер эне  (жер ата дебейт), анткени Эне гана чыдап баарын көтөрөт. Эне тил (ата тил дебейт), анткени бала ааламды эне аркылуу тааныйт. Ата мекен (эне мекен дебейт), анткени Мекенди аталар канын төгүп, жанын берип коргойт. «Эл менен сен адамсың, элден чыксаң жамансың». «Адам адам менен адам». «Намыс өлүмдөн өйдө». «Кан бийлигинен нарк күчтүү». «Эл бир болсо, кан тим болот». «Бийлик - жаратканда, андан кийин – элде». «Адилет болбой эл жарыбайт». «Эл байлыгы – адилет, таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат». «Бул дүйнөнүн асылы – Адилет». «Куу дүйнөнүн түбүнө тулпар минсең жетпейсиң». «Дүнүйө оопа болбойт». «Иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар». «Кумурсканы аттап өт, сообуна каласың». «Жерге, сууга кесир кылсаң, жараткан кырсыктап койот». «Элде болсо тең болсун, тең болбосо көпчүлүктүн сугу өтүп кетет». «Теңирим теңдикти жалгайт». «Арам жукпайт, өзүң көтөрүп кетсең, балдарың кусат». «Ак ийилет, бирок сынбайт». «Кан тукум кууйт». «Эмгеги жок келген, эсеби жок кетет». «Насип адамды өлгөндөн кийин да коштоп жүрөт». «Арбак ыраазы болбой, тирүүнүн иши оңолбойт». «Кесир тагдырыңды кесет». «Арбактар улуу, кайрылып келбейт. Биз аларга барып кошулабыз». «Жер тирүүгө - өрүш, өлгөнгө - конуш». «Пейилиң оңолмоюнча, ишиң оңолбойт». «Жаш карыса да жан карыбайт».  «Мээнет – жалпак, дөөлөт – тоголок». «Байлык - колуңдагы муз – ээрип кетет. Мансап - ииниңе конгон куш – учуп кетет». «Дос - айрылат, тууган – кайрылат». «Уйку төшөк тандабайт». «Адам өмүрү – кыл учунда». «Акылга көнбөгөн, азапка көнөт». «Адам өз кемчилигине кул. Кемчилиги көп адамдын кемсинтээри көп болот». «Бейиштин миң күнүнөн бул дүйнөнүн бир күнү артык». «Бийлик башы сүттөй: көп турса ирийт». «Жемсөөсү чоң канаттуу өтө бийик учалбайт». «Элине пайдасы жок – тирүүнүн өлүгү». «Жаман өлсө - жалгыз өлөт. Жакшы өлсө - жалпы өлөт». «Аял улуу: азабы да, түйшүгү да арбын». «Башчысы начар эл – көрүнгөнгө жем». «Элден чыккан адам – түбөлүк жетим». «Жаман – ичип, жегенин айтат». «Жаман - өзүнө, жакшы – элге тилейт». «Кыз жаманы – кыроо, уул жаманы – уйгак, келин жаманы кетпес кесел». «Жараксыз падыша – жугуштуу оору». «Нарк билбеген, салт билбеген – эл башкара албайт». «Жердин, суунун, оттун куну болот». «Өткөнүн билбеген – келечекке жол таппайт». «Салт бузулса – калк бузулат, тил бузулса – дил бузулат». «Мыйзам көбөйгөн сайын турмуш бузулат». «Адамча жашабасаңар – турмуш тозокко айланат». «Жашоонун баары өмүр болбойт». «Күз – киреше, кыш – чыгаша». «Байлык – колдун кири». «Жер улуу – кучагына баарын батырат». Дагы бир нече миң макал-лакап, учкул сөздөр кыргыз дүйнө таанымын мүнөздөп, сырын ачат!

-Көчмөндөрдүн дүйнөтаанымы жөнүндө илим эмне дейт?

-“Все, что мы понимаем за окружающий мир или за адекватную мысленную модель окружающего мира... порождено естественным отбором, неразумным, но честным, который неизменно отбраковывал тех, чей мозг порождал неадекватные модели мира – модели, которым нельзя доверять, на которые нельзя положиться в борьбе за выживание” – стр. 425  (Марков А. Обезьяны, нейроны и душа. том II. Москва, Астрель, CORPUS, 2012 г., 512 стр).

Кыргыз колу менен кармап, көзү көргөнгө гана ишенген. Мекеге барып, араб акындары менен айтышып, жеңип келген даңктуу Нурмолдо акын Аксынын Кербен базарында шарыятты, тозок менен бейишти узак ырдап токтогондо, он беш жаштагы Жеңижок:

“Ыкылас, Куран, шарыят,

Ырларыңдын жартысы.

Тозок менен периште,

Сөздөрүңдүн арткысы.

Эң жаманы адаттын,

Ушак айткан калпычы. 

Көзүң менен көрбөсөң,

Көп периште чогулган,

Кеңешинде жүрбөсөң,

Кереги жок жалганды.

Байкап көрсөм алдагы,

Пайгамбардан калганбы,

Башыңдагы элечек?

Эркек кийбейт биз жакта,

Ээси мунун келинчек.

Жапыраңдап ырдайсың,

Тозок менен бейиштин,

Колуңда окшоп ачкычы.

Өзүң өлүп көрбөсөң,

Кайдан билдиң аларды?

Жарык дүйнө - бейишим,

О дүйнөңдө бар бекен,

Ушунун бир тамчысы?

Билип туруп чын сүйлө.

Бейиш  “мына бул - дүйнө!” – деп токтогондо Нурмолдо “мен жеңилдим” дептир. Бул XIX кылымдын аягында болгон окуя. Бүгүнкү түшүнүк менен айтканда, жаш бала Жеңижок накта атеист, күчтүү материалист болгонун көрсөткөн!

-Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей, бүгүн турмуш бөлөк, доор өзгөрүлдү, заман алмашылды... интернет, ватсап, компьютер, санариптештирүү ж.б. жаңылыктар келди...

-Таш доорунда, коло доорундабы, бүгүнкү заманда болобу – адамдар адамча жашабаса турмуш тозокко айланып, азаптан арылбаганын бүгүн дүйнө абалы көрсөтүп турбайбы. Адам жан-жаныбарларды кырып бүтүп, эми жер жүзүн, абаны, океандарды булгап, табиятты кыйратып, айбан кылбаганды кылып жатпайбы...Бул жөнүндө илим мындай жыйынтыкка келип, билдирип жатат. “ Если сейчас в человеческой популяции и происходит эволюция разума, то направлена она не в сторону поумнения, а как раз наоборот”. – стр. 254; “Если развитие культуры в последнее 40 тыс. лет как-то повлияло на врожденные  свойства нашего мозга, то скорее отрицательно, чем положительно. Мозг достиг максимального объема в начале верхнего палеолита, а потом начал уменьшаться... Люди верхнего палеолита были в среднем умнее нас” – стр.400; “Культурно-социальный и научно-технический прогресс ведет к ослаблению очищающего отбора... Генетическое  вырождение – не чисто теоретическое построение, а экспериментально подтвержденный факт” – стр. 478 – 479;

“Вымереть не вымерем, но вот стать в среднем более чахлыми, вялыми и глупыми очень даже можем. Более того, именно это с нами и происходит в течение последних 10 тысяч лет  (со времени перехода от охоты и собирательства к замледелию и скотоводству). Или даже 40 тысяч лет – со времени верхнепалеолитической революции… Мы не становимся с течением поколений добрее, умнее и талантливее” – стр. 488. (Марков А. Эволюция человека. том II. Обезьяны, нейроны и душа. Москва, Астрель, CORPUS, 512 стр.).

«Идет генетическая, умственная, физическая и духовно-нравственная деградация. Информация пришла вместо знаний, а знания заменили мудрость». –стр.98 (Сарыгулов Д.И. Горы и высокогорье – колыбель человечества. Бишкек, 2018 г.).

  • Байыркы бабаларыбыз түптөгөн дүйнөтаанымдын өзөгүн кыргыз эмне үчүн XIX кылымга чейин сактап келген?
  • Ал өзүн актап, кыргызды сактап келгени үчүн жана табияттын мыйзам-талаптарына төп келген үчүн. Эң негизи – көчмөн турмушта ХХ кылымга чейин  жашап келгени үчүн. Эгерде кыргыз отурукташкан элдердин катарына үч-төрт кылым мурун кошулса – ал дүйнөтаанымын жоготуп, отурукташкан жашоонун дүйнөтаанымын кабыл алмак.
  • Сиз өзөгү деп айтып калдыңыз. Ошол өзөктү эмне түзкөн?
  • 150 – 100 миң жыл мурун адам күнү-түнү, жылдар, кылымдар гана эмес, нечен миңдеген жылдар бою табият менен ажыратылгыс бир бүтүндүктө жашап келген. Адам табияттан өзүн ажыратып элестете алган эмес. Табият адам үчүн улуу, ыйык жана түбөлүк болуп калган. Бул биринчи. Экинчи. Өзү жандуу болгон соң табиятты да адам жандуу деп түшүнгөн. “Жерге, сууга кесир мамиле кылсаң  жараткан кырсыктап койот” – деген сөз муну ырастап турат. “Атабыз – Нур, энебиз – Жер, каныбыз – суу, жаныбыз - аба” – деген түшүнүк ошондо жаралган. Энебиз – жер, суусу – каныбыз, абасы – жаныбыз – деген адам табиятка жаман мамиле кылмак беле?

Ал мезгилде адам эч нерсеге, эч кимге, бир дагы жаныбарга үстөмдүк кыла алган эмес. Жандуунун баары бирдей тең деп түшүнгөн. “Жандуунун баары адамга шерик” – деген сөз ошондо айтылган. Демек, жаныбарлардын баары киндиктеш деп ишенген. “Кумурскага жанды сен берген жоксуң, сен ала албайсың” – деген сөз ошол доордо айтылган. Адамдын жаны болобу, жыландын жаныбы, көпөлөктүн жаны болобу – баарынын жаны бирдей тең деп кабыл алган. “Иттин ээси болсо, бөрүнүн теңири бар” – деген сөз жараткан баарына жан берген соң, баары жаратканга бирдей “баалуу”, бирдей “жакын” дегенди туюнткан. Адам өз жанын калган жаныбарлардын жанынан өйдө деп ойлой алган эмес. “Тирүү жүргөн адамга мындай кордук салбасын, Ата-Журттан айрылып адам эмес, айбан да ар кайда тентип калбасын” – деген сөз бабаларыбыз Ата-Журт адамга кандай таандык болсо, жан-жаныбарларга да ошондой таандык деп жашаганын ырастайт. Адилет менен теңдикти кыргыз кандай терең түшүнгөн! Жараткан баарына жанды бирдей тең берет, эч кимге, эч нерсеге ылгап, бөлбөй күндүн, айдын, жылдыздардын нурун, абаны, сууну, жамгырды ж.б. тең жиберет – деп ишенип, аны тергеп Тең-ири  (теңдиги ири, чексиз, бүткүл ааламга тараган) деп атаган. Теңирдин чексиз адилетин эч ким буза албайт, ал баарына ыйык үлгү, ким бузса кырсыкка учурайт – деген ишеним болгон. «Эл байлыгы – Адилет. Адилет болбой эл жарыбайт» - деген сөз муну ырастап турат. Үчүнчү. Адам болуп жаралган соң адамча жашоо – жараткандын алдында сенин парзың, ыйык милдетиң деп түшүнгөн. Адамча жашабасаң жараткандын жазасына учурайсың – деп ишенген. Ар бир жаныбар жаралганда өз ырыскысы менен менен кошо жаралат - деген.

«Качан адам болосуң?» - деген сөз ошол мезгилде айтылган. Бабаларыбыз: «Адам. Киши. Пенде. Айбан. Макулук» - деп, адамды бешке бөлгөн (жүрүм, турумуна жараша). Ушул үч ишеним кыргыз дүйнө таанымдын өзөгүн түзүп, аны байыркы доордон баштап ХХ кылымга чейин сактап келген. Бул улуу ишенимдер ар бир адамда болгон соң, кыргыз жаратканды таанып, аны өзү кабыл алган. Ар бир кыргыз Теңирге эч бир ортомчу, далдалчы жок эле өзү түз кайрылып, улуу рухий кудуретке ээ болгон! Кудай менен адамдын ортосунда канча көп далдалчы (ортомчу) болсо (епископ, архимандрит, поп, халиф, муфтий, имам ж.б.) адам ошончо Кудайдан алыстап калаарын кийинки бир жарым миң жыл тарых ачыкка чыгарбадыбы. Христос же Мухаммед пайгамбар элүү жылдан кийин эле кайра тирилсе өзү негиздеген диндердин бурмаланганына катуу нааразы болмок…

Адамдын ою, кыймылы, иш-аракеттери ушу ишенимдерди бузбаса – Адал, бузса – Арам, – деп бааланган. Убал, Сооп, Кесир, Күсүр, Ырыс, Насип, Кут, Арман, Кун, Пейил ж.б. түпкү түшүнүктөр ушул үч ишенимден чыккан. Бул сөздөр бөлөк тилдерге которулбайт. Себеби, алардын дүйнөтаанымында мындай түшүнүктөр жок... «Жер эненин карызынан денеңди берип кутуласың» - деген сөз, адам суунун, оттун, тоонун, жеген, ичкен тамагынын кунун төлөйт, – деп ишенген.

Ошол үчүн кыргыз ысырапкорлукка жол бербей, үнөмдүү, сарамжалдуу болгон. «Кесириң башыңа тиет» - деп, кыргыз кесирликтен абдан сактанган. 

Жогорку макала "Манас жаңырыгы" ТРКсынын Генералдык директору Темирбек Токтогазиев менен саясатчы, Мамлекеттик кызматтын Биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси Дастан Сарыгуловдун калемине таандык, "Коронавирус апааты жана Кыргыз дөөлөтү" китебинен алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости