www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда бир тууган кыздар дайынсыз болууда

Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 2004-жылы туулган Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 2005-жылы туулган Сабырбекова Нурзия Нуралиевна 2020-жылдын 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Нурзада жана Нурзиянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Сабырбекова Нурзаданын өзгөчө белгилери: Бою 140-145см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара, узун. 

Кийген кийими: Кызыл түстөгү көйнөк.

Сабырбекова Нурзиянын өзгөчө белгилери: Бою 160-165см, өңү сары, кашы, көзү сары, чачы сары, кыска.

Кийген кийими: Көк түстөгү көйнөк.

"Эгерде жогорудагы жоголгон кыздар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. 

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тел.: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 0500 14 00 06, 0770 14 00 06", - деп айтылат билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости