www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бийлик басып алуу аракети” боюнча айыпталгандардын бири Дастан Сарыгулов сотто одоно мыйзам бузуу болду деп эсептейт. Сарыгулов чечим тууралуу “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып, бейкүнөө соттолгону тууралуу далилдер жараянда эске алынбаганын айтты:
- Мени 339-берененин 2-бөлүгү менен “күнөөлүү” деп тапканга эч кандай негиз жок деп 79 барактан турган далил бердим. Аны эске алган жок. Мыйзам, Кылмыш-жаза кодекси одоно бузулду. Баары зомбулук, зөөкүрдүк менен чыгарылган өкүм.
Дастан Сарыгулов Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин маалымат каражаттарына чыкты. Буга чейин сот ага өз оюн билдирүүгө тыюу салган.
Шаардык сот Дастан Сарыгуловго карата Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
Райондук сот былтыр 17-апрелде Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду Кылмыш-жаза кодексинин 27 ("кылмышка даярдануу") жана 295-беренелери ("бийликти күч менен басып алуу аракети") боюнча 12 жылдан эркинен ажыратылган.
Эрнест Карыбеков 339 ("кылмышты жаап-жашыруу") жана 292 ("мамлекеттик чыккынчылык") беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга кесилген.
Дастан Сарыгуловго да 339-берененин негизинде төрт жылга шарттуу жаза берилген. Саясатчылар буга макул болбой, жогорку инстанцияга арызданышкан. "Мамлекеттик сыр" деген негизде райондук сот да, шаардык сот да ишти жабык карады.
Булак: NazarNews.kg