www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мегаком” компаниясын алып берүү убадасы менен россиялык бизнесменден 1 миллион доллар пара алганы соттук териштирүүлөр аркылуу далилденип, темир тор артына кеткен “Ата – Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүнкү күндө № 47 – абакта жаза мөөнөтүнүн да өтөп, дарыланып да жатканы белгилүү. Буга чейин парламенттеги айрым депутаттар Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин дарегине кайрылуу жасашып, Ө. Текебаевди убактылуу абактан чыгарып, ооруканага жаткырып дарылатууну суранышкан. Бирок, бул сураныч четке кагылган эле.

Натыйжада ал азыр жогоруда белгилеп кеткендей № 47 – абакта дарыланууда. Текебаевди абактан чыгарып, ооруканада дарылатуунун максаты эмнеде эле? Эсибизге жара чыкпаса, 2010 – жылдагы апрель революциясынан кийин дагы канкор К. Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев кармалып, темир тор артында жатканда ден – соолугуна байланыштуу ооруканага которушкан.

Ошондон ары ал Кыргызстандан куйругун “түйө” качкан. Кыязы, “атамекенчилер” да ушундай жол менен Текебаевдин сыртка качыруу аракетин көрүшкөнбү деген суроо жаралат. Алтургай ошондой план түзүлгөн болушу мүмкүн экендигинен күмөн дагы жок. Ошондо башкы “атамекенчи” Акаевдин жанына баргысы келгенби Бакиевдинби?

Булак: "Багыт"

Последние новости