www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 8-февралда, Казастан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитов менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Айымдос Бозжигитовго Кыргызстандагы эки өлкө кызматташтыгын чыңдоого багытталган жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиз менен тыгыз иш алып барууда эки тараптуу өз ара аракетешүүнү бир топ активдештирүүгө жана реалдуу жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүндүктөр түзүлдү. Кыргызстан Сиз аркылуу ишенимдүү шерик таба алды деп ишенем», - деди Сапар Исаков.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости