Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назараев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Расмий кабарлар  |   |  672

Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу кечээ сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү, мурда жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу, ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында өз ара аракеттенишүүнү бекемдөө маселелерин талкуулады.

Ошондой эле регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями