www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөнүн билбеген келечекке Жол таппайт. Тарыхын билбеген эл Жапайы болот.
(Кыргыз макалдары)
I
Тарыхый жана саясый себептерге байланыштуу СССР доорунда Кыргыз тарыхы атайын жок кылынган. СССР аймагынын жетимиш пайызы түрк тилдүү элдердин мекени болгон соң, улуттук эс тутумун жана мекенчил аң сезимин түп тамыры менен жок калмайын СССР бүтүндүгү коркунучта болоорун большевиктер жакшы билип, терең түшүнгөн экен.
Падышалык Россия үч кылым Осмон империясы менен тынбай согушуп келген, биринчи дүйнөлүк согушта да Осмон империя Германия тарапта болгон, 19 кылымда орто Азияда жайгашкан түрк тилдүү элдерге, алардын мекенине Россия үстөмдүк кылып, өзүнүн колониялык саясатын жүргүзүп калган.
Алтай, Сибирь, Урал, Орто Азия сак доорунан баштап 16 кылымга чейин түрк тилдүү элдердин мекени болгон, IX-Х кылымдарда улуу Кыргыз Каганаты бийлик жүргүзкөн, ал эми биздин доордон мурун торт мин жыл өмүр сүргөн Алтайдагы дөбө маданияты Кыргызга таандык болгонун большевиктер жакшы билген.
1931 – 1937 жылдары түрк элдердин тарыхын, тилин маданиятын изилдеген түркология илими түп тамырына чейин атайын талкаланып, эки миңге жакын тарыхчы, тилчи, адабиятчы окумуштуулар атылган, нечен миң партия-советтик жетекчилер аоёсуз репрессияга учураган.
1940 – 1950 жылдары КПСС буйругу менен турк элдерге жалган, бурмаланган, чындыкка жакын жолобогон тарых жазылган. Ошентип, Кырыгзстандын, Казакстандын, Өзбекстандын тарыхы жазылып, алтымыш жыл бою түрк элдери өз тарыхын билбей, өзүн тааныбай, өзүн жоготуп, интернационалист, коммунист, космополит, тексиз, улутсуз, маңкурт, жалган тарых менен жалган өмүрдө жашап калды, “Старший браттын” көзүн карап, сөзүнөн чыкпай, айткан дегенине баш ийип.
II
Фашистердин 220 аскер дивизиясы жеңе албаган СССР КПСС 70 жыл жүргүзкөн саясаты жалган, арам болгону үчүн, бир ок атылбай, 1992-жылы өзү эле кыйрап, жок болду. 70 жыл жалган тарыхка сугарылып, аны терең сиңирип алган үч-төрт муун кыргыз эли СССР жок болуп кетсе да, 30 жыл эгемен доорунда жалган тарыхтын курмандыгы болуп, өзүн тааныбай, билбей, ким болгонун унутуп, келечекке жол таппай, үч жолу президентин кетирип, 30 жолу өкмөттү алмаштырып, 11 жолу баш мыйзамды жаңылап, коррупциянын сормо сазына башына чейин батып, бир жарым миллиону мекенин таштап, тарап, өз мамлекетине кереги жок болуп, тентип калды.
Уят, намыс, абийир, адеп, ыйман, арам, адал, убал, сооп, көңүл, пейил, кут, ырыс, насип, кесир ж.б түпкү түшүнүктөр унутулуп, пайда, акча, байлык жашоонун үч түркүгүнө айланды. Беш миң көпөс шылуун, шумпай, шүмшүктөр, бийликти менчиктеп, карапайым элдин эсебинен байып, эл казнасын уурдап, тоноп, чардап, өздөрү үчүн бейиш куруп, эл турмушун тозокко айланты.
Кыргыздын тарыхый тажрыйбасын, кулк мүнөзүн, салтын, басып өткөн жолун, калыптанышын эске албай, терен ойлонбой батыш үлгүсүндөгү демократияны, капитализм – чексиз жеке менчикти, мамлекет идеологиясыз жазаш керек, ал экономиканы натыйжылуу башкара албайт деген түпкү ишенимдер менен жашап, отуз жыл эгемен доорунда Кыргызстан улам артка кетип, жаратканынан жоготуулары арбын болду.
III
Нечен миң жыл басып өткөн тарых жолунда Кыргыз кулчулук, феодал, капитализм доорлорунда жашаган эмес. Зордук, зомбулук менен башкарган падыша, хан, султан, эмирлердин авторитардык, монархиялык бийлигин кыргыз көргөн эмес. Бийик тоолу көчмөн турмуш шартында жер, суу, жайыт, мал жеке менчикте болуу мүмкүн эмес эле. Жамаатташуу, өзүн өзу башкаруу аман калуунун жалгыз шарты болгон.Ансыз үй бүлө бузулуп, урук-тууган чачылып, тарап, жок болгон. Социогенез: үй-бүлө, коомдун ынтымак, биримдикте жашоо эреже, шарттарын кыргыз нечен миң жыл убакытта эң бийик деңгээлге жеткизген.
Тоо шартында тынбай көчүп жашаган турмуш өзүмчүлүктү, байлык, дүнүйө жыйнаганды мүмкүн кылган эмес, урук – туугандары менен жамаатташып, өз тиричилигин өзү камсыз кылып, өзүн өзү башкарган кыргыз мансап, бийликке умтулбай, бийлик кумарынан оолак болгон.
Кыргыз макалдары:
“Элине пайдасы жок тирүүнүн өлүгү”, “хан бийлигинен, нарк күчтүү”, “бийлик жаратканда, андан кийин элде”, “теңир тендикти жалгайт”, "элде болсо тең болсун, тең болбосо көпчүлүктүн сугу өтүп кетет”, “эл бир болсо, бийлик тим болот” ж.б муну толук жана талашсыз ырастап турат.
“Балаңды бузам десең базарга жибер” деп, соода кылган абийир, ыйманын да сатат, акчанын малайы, курсактын кулу болот – деп, аны кыргыз жактырбай, жаман көргөн.
Батыш үлгүсүндөгү демократия добуш берүү менен чектелсе, көчмөн элдер, шайланган киши эл ишенимин актабаса аны тез алмаштырууга аргасыз болгон, анткени жөндөмсүз башчы элди кыйнап, кыйроого алып барган. ХХ кылымдын башында кыргыз отурукташкан турмушка өтө баштаган, бирок тамын, короо сарайын дагы 40-50 жыл дубал менен курчап, элден бөлүнгөн эмес.
Жер ортодо болгондо, элдин ынтымак, биримдиги бекем болгон. Жер элди бириктирип, турмуш-тиричилигин, ынтымагын күчөтүп турган. Ошол себептен, бир жарым миллиард эли бар кытай жерге жеке менчик киргизбей эле дүйнөдө экономикасын биринчи катарга көтөрүп алды, аянты Чүй областындай Израиль жерге менчик киргизбей эле Россияга азык-түлүк экспорттоп жатпайбы.
IV
Жайынтыктап айтканда, бабаларыбыз миң жылдар бою басып өткөн ийгиликтүү тарыхый жолунан, тапкан тажрыйбасынан, жараткан улуттук дөөлөттөн баш тартып, көл үзсөк (кийинки 30 жыл эгемен доорундагыдай) кыргыз келечекке жол таппайт, турмуш кыйынчылыктарын жеңе албайт, заман көйгөлөрүн чече албайт, тамыры кыйылган дарактай тагдырга учуроо коркунучунда боло берет.
Миң жылдар бою караңгы түндө алтын казык жылдыз бабаларыбызга жол көрсөтүп келген. Бирок отуз жыл эгемен доорунда күн жаркырап тийип турса да, келечекке жол таппай кыйналып, чайнылып келатабыз. Кыргыз көргөн азап жараткандан эмес, күн тийип, бирде ачык бирде бүркөк, жаан жаап, дарыялар агып, жер көгөрүп, бейштин төрүндөй мекенибиз ырыскысын төгүп турат.
Эл көргөн азап өзүнөн, өзүнө гана таандык өнүгүү жолуна түшө албай, бөлөк элдерди ээрчип, туурап, ошолорго окшош болуу натыйжа бербеген аракетинен, алтын казык жылдыз – улуттук дөөлөт өмүргө өзөк, турмушка тутка болуп келгенин унутканыбыздан.
Д. Сарыгулов, экс-мамлекет катчы
Булак: NazarNews.kg