www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштардын достук маанайда өнүгүп жатканын айтып: «Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын телефондук сүйлөшүүсү пландалууда. Бул сүйлөшүүдө Түркиянын Украина кризисинде ортомчулук кылуу темасы да талкууланат деп ойлойм»,-деди. Бул тууралуу трт.нет билдирди.
Лавров Федерация Кеңешиндеги сөз сүйлөөсүндө, Украина кризиси тууралуу маалымат берди.
НАТОнун Украинаны өз таасирине алуу менен Украинаны «Орусияга каршы» тукурууга аракет кылып жатканын айткан Лавров: «(НАТО) Киевге коркунучтуу куралдарды жөнөтүүдө жана АКШ абада жана деңизде биздин чек арага жакын жерде чагымчыл кадамдарды жасоодо»,- деп айтты.
Президент Эрдогандын Түркиянын аймакта тынчтыктын камсыздалышы үчүн Орусия менен Украинанын ортосунда ортомчулук кыла ала турганы жөнүндөгү сөздөрүнө токтолгон Лавров: «Путин менен Эрдогандын телефондук сүйлөшүүсү пландалууда. Бул сүйлөшүүдө Түркиянын Украина кризисинде арачылык кылуу темасы да талкууланат деп ойлойм»,-деди.
Орусия менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын оң мүнөзүнө да көңүл бурган Лавров: «Биздин ортобуздагы маанилүү эл аралык маселелер боюнча айрым пикир келишпестиктерибиздин олуттуулугуна карабастан, бул пикир келишпестиктерди талкуулоо жана аларды кантип натыйжалуу чечүү керектиги ар дайым достук, ачык жана өз ара урматтоо менен жүргүзүлүүдө»,-деп билдирди.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берип:«Эрдоган аймактык жана эл аралык маселелерди чечүүдө таасирдүү. Эгерде Эрдоган бул таасирин Киевдин үстүндө Минск келишимдеринин, Парижде жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы үчүн колдоно алса, Орусия муну кубаттайт»,- деди.
Орусиянын Украина кризисинде тараптардын бири эмес экенин айткан Песков, Украинадагы кагылышуулардын жарандык согуш экенин айтты.