www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы, Эмилбек Каптагаев өткөнгө сарасеп салып, азыркы бийликке адилеттүүлүктү айткан болуп, өзүнүн социалдык баракчасына пикирин жазган. Төмөндө Каптагаевдин пикирине назар салабыз. 

Журт Атасы, Мамлекет башчысы - деген категориялар боюнча ой толгоом... Өмүрбек Текебаевге карата болгон зомбулуктан улам келген ойлор...Тилекке каршы отуз жыл эгемендүү мамлекет болгонубуздан бери бир дагы Президентибиз ушундай даражага жете алган жок - Журт Атасы, сөздүн анык маанисинде Мамлекет башчысы боло алышпады эч бири...

Эң чоң мүмкүнчүлүк Аскар Акаевде болгон, эгемендиктин алгачкы жылдарында элдин дагы мамлекетке, бийликке көз карашы, ишеними жакшы болчу, эл толкуп-көтөрүлүп турган жаңы турмушту карай жабыла жылууга даяр болуп. Чынын айтуу керек Президент Акаев өлкө ичинде эле эмес, Эл аралык деңгээлде дагы мааниси бар, Кыргыз Элинин туусун оболото турган көп иш жасады, мисалы: Манас-1000, Ош-3000, Эл аралык тоо жылы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы деген тиги ООН жана ЮНЕСКО тарабынан колдоого алынган демилгелер не деген зор окуялар, бүгүн дагы артка кылчайып караганда бир чети таң кала турган, экинчи жагы сыймыктана турган иштер. Ошол жылдары Акаев "Журт Атасы" деген кырга чыгып эле калган, чыкпаса дагы өтө жакын эле. Бирок, тилекке каршы, артты карай сыйгаланып түшүп өз үйбүлөсүнүн эле АТАКЕСИ болуп алды, анын трагедиясы мына ушунда болуп калды.

Андан кийин 2005-жылдагы март окуяларынын шарданы менен бийликке Курманбек Бакиев келди. Деңгээли чыкпады. Ал болсо бир туугандарынын АКА-ҮКАСЫ, балдарынын ПАПАСЫ бойдон эле калды. Алар "мойнун кайрып койобуз, колу-бутун сындырып койобуз, өлтүрүп көөмп таштайбыз, эч кимди баш көтөртпөйбуз..." - деп адыраңдашты, сабап да көрүштү, камап да көрүштү, өлтүрүп дагы көрүштү, бирок жалпы элди кулак кескен кулдай айдап ала алышпады, ошонусу менен Курманбек Бакиевдин өзүн трагедиялуу тагдырга тыгып коюшту.

2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин Роза Отунбаева келди, убактылуу бийликке. Анын канат-куйругун кыркып, колу-бутун тушап туруп бир жарым жыл деп өзүбүз эле камап койдук. Ачылып, Журт Башы болуучу иштерге жетише албады, ага убактысы дагы, шарты дагы, бийлиги дагы жок эле, ал учурда кырдаал ошондой болуп калды, бирок ошого карабастан Парламенттик демократияны, демократиялык маданиятты калыптандырууга болгон аракетин жумшады, 2010-жылы шайлоодон кийин бийлик толугу менен оппозицияга өтүп, саясий иштердин борбору Жогорку Кеңеш болуп калганда ошону колдоду, депутаттык корпусту, Төрага Акматбек Келдибековду көтөрмөлөдү, мен президент элем деп алдыга жулунган жок, демилгени аларга берди.

2011-жылы ноябрь айында жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Алмазбек Атамбаев президент болду, ал деле бир топ орчундуу демилгелерди көтөрдү, энергетика тармагында, жолдорду оңдоо жана курууда жакшы иштер башталды. Бирок, мен бул жөнүндө мындан 3 жыл мурда деле жазгам, ал деле Журт Атасы деңгээлине чыга алган жок, сөздүн түз маанисинде Мамлекет башчысы дагы боло алган жок. Ал окуучу кезинде класстын атаманы болом деп боло албай калып, кийин алтымышка чыкканча эле ошол классташтары менен мушташып жүрүп өткөндөй эле болуп калды. Эч ким Президент Атамбаевден лидерликти деле талашкан жок, бирок ошол тигини жок кылам, муну камайм деп урунуп-беринип жүрүп мөөнөтү бүтүп кетти. Анын эң чоң дагы, эң маанилүү дагы эрдиги - бул 2017-жылы Президенттик бийликти шайлоо жолу менен тынч өткөрүп бергени болуп калды.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков жөнүндө сөз жок, үч жыл жүрдү, бирок дубан башы, шаар башы, ашып барса министр же премьер-министр деңгээлинен көтөрүлө албай койду, мамлекеттик масштабдагы маселелер боюнча ой-жүгүртүүгө жеткен жок чарк-чамасы. Бир топтору айтып жүргөндөй "эмне болуп президент болуп, эмне болуп кетип калганын" өзү деле түшүнбөй калды окшойт.

Бир жылдан бери мамлекеттик бийликтин башында Садыр Жапаров турат, жазында шайлоо аркылуу расмий түрдө Президент болду, өлкөнүн эки-тизгин бир чылбыры өз колунда. Буга чейинки бир дагы президентте мынчалык көлөмдөгү бийлик болгон эмес, эч кимдин бийликте мындай мүмкүнчүлүгү жок болчу. Коомдо дагы колдоо жакшы эле. Иш оңолуп кетсе экен, өлкөбүз сазга баткандай болуп тура бербей алдыга жылып кетсе экен деген тилек менен бардыгыбыз колдоп, күйөрман болуп жатабыз. Жамандык-жакшылыктын бардыгын, зордук-зомбулукту, адилетсиздикти дагы өз жон териси менен сезди, өз көзү менен көрдү. Ошондуктан калыс, адилет Президент болот го деген үмүт дагы эле чоң. Буга чейинки Президенттерге караганда Садыр Жапаровдун Журт Атасы деңгээлине чейин жетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар: жаш, жигердүү, сөзү так, айтып жаткан ой-тилектери айкын, кыймыл-аракети чечкиндүү. Президент Садыр Жапаровду Журт Атасы катары көргүсү келген тарапташтары, күйөрмандары дагы толтура азыр.

Анан, ушундай абалда, ушундай деңгээлде турган, акыл-эси ордунда киши өзүнүн курсагын өзү жаргандай ишти уюштурабы? Жок, мындай болбойт го дейм. Ошондуктан муну Садыр Жапаров өзү эле уюштуруп койду деген сөз суу кечпейт, менин логикама туура келбейт.

Мандан аркы өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал курчуп кете бербеши үчүн, анан дагы өзүнө карай жөнү жок шектенүүлөрдү же айып тагууларды болтурбаш үчүн Президент Садыр Жапаров эки нерсени өзү көзөмөлгө алып, коомчулукка так жообун берүүсү зарыл:

Биринчиси, шайлоо боюнча. Берки жактагылардын "баары эле туура, өтпөй калгандар былжырай беришет" дегендерине кулак салбай, добуш саноодогу айтылып, көрсөтүлүп жаткан ар бир фактыны тыкыр изилдетип, чынында эле кимдир бирөөлөр "пендечилик " кылып кыйтың-пыйтыңга жол берип койгон болсо айоосуздан жоопко тартып, камай турганын камоо керек. Чечкиндүү, калыс, акыйкаттуу кадамдар гана коомду ынандыра алат. Болбосо бул от өчпөйт, сыртынан жалындап күйбөгөн күндө дагы ичинен түтөп кете берет. Аягы барып кандай болуп кетерин бир Кудай билбесе, аны эч ким айта албайт.

Экинчиси, белдүү саясатчы, кыргыз саясатынын патриархы десе дагы болот, Өмүрбек Текебаевге карата болгон зомбулуктун бети кечиктирилбей ачылып, уюштургандар, ошол жерде зөөкүрлүк кылгандар токтоосуз камакка алынышы зарыл. Бул мындан ары саясий процесстер башка нукка түшүп, анын маңызы өзгөрүп кетпеши үчун керек. Коомчулук азыр Президент Садыр Жапаровдон мына ушул эки маселе боюнча акыйкат чечимди күтүп турат, деп жазган Эмилбек Каптагаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости