www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

I. Жараткан канча жүз миң жан-жаныбар болбосун, ар бирине өзүнө гана таандык жашоо шартын, эрежесин жана жолун буйрук кылат экен. Курт-кумурска, бака-жылаан, өрдөк-тоок, карышкыр-түлкү, сан жеткис канаттуулар, балыктар, малдар, жырткычтар болбосун – ар бири бул дүйнөдө өз оорду менен жан-сактап, өткөнү – Жараткандын буйругу менен болот турбайбы.

Карга шумкардай, каз бүркүттөй жашай албаганы жакшы белгилүү эмесби.

Кыргыз немис, орус, француз, атүгүл боордош казах, уйгур, өзбек болуп кете албайт. Жараткандын буйругуна ылайык, байыркы бабаларыбыз 150-200 миң жыл тоолордо гана жашап, өз тили, салты, наркы, маданияты менен калыптанып, өз жашоо жолу менен өнүгүп, өсүп, өмүр сүрүп келген экен.

Отуз жыл эгемен доорунда ууру, паракор, шылуун, адамчы президенттер, депутаттар, саясатчылар кыргыз элине жукпаган, жакпаган батыш элдердин жашоо жолун таңуулап келди, бирок эл аны четке кагып, кабыл албай койду. Бул жол элди азапка салды, элүү жыл артка кетирди, чилдей таратып, бөлуп, жарып, шайын кетирип, эсин оодарып, келечекти бүдөмүк кылды.

Шумкарды учпаган тоок кылабыз дегендей аракет менен отуз жыл эгемен доору текке кетти.

Бул отуз жыл кыргызга сабак болду: нечен миң жыл кыргызды күчтүү, кубаттуу кылып, сактап келген кыргызга гана таандык жараткан буйруган бабаларыбыздын жолуна кайрылып, XXI кылымдын талаптарына гана ылайык өздөштүрбөсөк – келечекке жол таппай, жоголуп кетүү жолунан чыга албайбыз...

Улуу бабалардан урпактарына калган биринчи насаат – нечен миң жылдар бою калыптанып, өзүн актап, кыргызга насип кылган жашоо жолунан айынып, адашпагыла, ага бекем туруп, ыйык туткула!

II.Баары аралашып, чаташып, түшүнүксүз болгон дүйнөлөшүү доорунда жараткан кыргызга гана буйруган жашоо жолун кантип таап, аныктаса болот?

Капитализм, империализм, коммунизм, либерализм, консерватизм, социализм, глобализм, демократия, феминизим, экстремизм, коррупция, революция, эволюция ж.б. түшүнүктөрдөн баш айланган заманда кыргыз дагы канча жыл адашып жүрө бериши керек?

Бабаларыбыздан калган байыркы жолубузга багыт берген белгилер барбы?

Албетте, бар. Ал улуттук эс-тутум. Бирок, СССР доорунда кыргыз жапайы, маданиятсыз, мал менен тиричилик кылып, мал сыяктуу, биримдиги, ынтымагы жок, тузем эл, санжыра элди бөлөт, Манас жомок деген большевиктердин саясаты жетимиш жыл уланып, улуттук эс тутумду өчүрүп, жокко эсе кылды, улуу тарыхыбызды уурдап, кулдук сезимге көндүрүп койду.

Элибиз чыныгы тарыхын билбей, ага таяна албай калды.

Мындай абалда бабалар бизге калтырган дагы бир улуу мурас бар – ал Кыргыз салтту билими.

Бул билимдин улуулугу-нечен миң жыл турмуш сыноосунан өткөнү жана табияттын, демек Жараткандын мыйзамдарына шайкеш келгени.

Бул билим жети багытты камтыйт.

Биринчи. Аалам билими – бабаларыбыз 24 миң жыл илгери эле таанып, ташка чеккен жылдыздар: Үркөр (элек), Сумбула, Чидер, Үч аркар, Босого, Керген Саба, Жетиген, Алтын казык, Бука, Балык, Коен, Козу, Саратан, Көнөк, Мерген, Чоң жылаан, Кара далы Кыз, Чаян, Чолпон, Кызыл, Эшек Кырган (Кара Күч), Сары, Чычкылуу, Көөкөр ж.б., жалпы 41 (куйруктуу жана ок жылдызды кошкондо).

Өтө баалуу – Тогол көрүнүшү.

Экинчи. Жыл санак билими.

Алдын ала жыл мезгилдерин айтып, аларды мүнөздөгөнү.

Үчүнчү. Теңир билими – дүйнө таану, табият таану, адам таану, үй бүлө, коом, эл таануу жана адилет, калыстык, акыйкат – Теңдөө, ааламдын түп мыйзамы – деп кабыл алуусу.

Төртүнчү. Манас билими – тарых, санжыра, салт, нарк, адат, үлгү, насаат, керээз, жер-суу аттары, баары биригип – улуу дөөлөт, рухий казна билими.

Бешинчи. Диний билими – Кудайды, Алланы таанып, ишенүү, жол-жобосун үйрөнүп, билип, жайылтуу билими.

Алтынчы. Кесип билими – уста (жыгач, таш, тери, темир, сөөк, кийиз), аскер, чарба, (койчу, уйчу, жылкычы, дыйкан ж.б.), саяпкер, табып, тамырчы билими.

Жетинчи. Адам болуп, адамча жашоо – Тарбия Билими: - дене тарбия, эмгек тарбия, чарба тарбия, мүнөз тарбия, Ыйман (намыс, абийир, уят ж.б.) тарбия, Адеп (сөз адеби, журум-турум адеби, дасторкон адеби ж.б.), Адал-Арам билими, тыйуулар билими, макал-лакап билими, үлгү, насаат, бата, алкыш билими, каргыш, наалат билими, нарк, салт, адат билими, дөөлөт, мээнет, ырыс, насип, буйрук, бакыт, кут билими.

Бул билимди берүүгө үй-бүлө, тууган-урук, жамаат, жалпы эл милдеттүү жана жооптуу болгон.

“Эки муун тарбия көрбөгөн адам айбан сыяктуу болуп калат” – деген сөз кыргыз тарбияга зор маани бергенин ырастайт.

“Адамча жашабасаңар турмушунар тозокко айланат” – деп илгери эле айтылган сөздүн чын экенин бүгүн жалпыбыз күндө көрүп олтурабыз.

Байыркы бабалардан бизге калган экинчи насаат – салтту билимден кол үзбөй, бекем сактап, ага таянып жашагыла!

Бабалардан калган үчүнчү насаат - жарык дүйнөгө жаралып келген соң – өзүңө, үй-бүлөңө, тууган-урууңа, эл-журтуңа, Табиятка зыян келтирбей, адам болуп, адамча жаша, элине пайдасы жок тирүү өлүк болбо!

Төртүнчү насаат – ааламдын түп мыйзамы – Теңдөө жана Теңчилик, жарык дүйнөнүн асылы – адилет, таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат. Жандуунун баары адамга шерик. Эркек – сель, аял – коль. Аял – үйдүн шам чырагы, тилеги. Эркек – үйдүн күч кубаты, тиреги. Жер эненин карызынан денеңди берип кутуласың, улут алдында карызыңды – жаныңды берсең да кутулбайсың!

Күн, жер, суу абаны үлгү тут, алар баарына өмүр берет, өзүнө эч нерсе албайт!

Байыркы бабалардан бешинчи насаат – адам чыгарган мыйзам көбөйгөн сайын, турмуш бузула берет. Ааламдын, табияттын, демек – Жараткандын мыйзамын ыйык тутуп жашагыла.

Адам көргөн азап, оору-сыркоо, чыр-чатак, жаңжал-уруш Күндөн, Айдан, жерден, суудан, деги эле Жараткандан эмес, тескерисинче, алардын адилет, калыстык, тенчилик мыйзамдарын бузганынан!

* * *

Кеменгер, көрөгөч, даанышман бабаларыбыздын беш насаатын унутуп, сактабай, аткарбаган үчүн азапка кайнап, тозокко тоңуп, бейиштен төрүндөй Мекенибизди таштандыга толтуруп, жер-суу-абаны булгап, батышты, бийликти күнөөлөп, өзүбүздү сүттөн ак көрүп, келечекке жол таппай, кыйналып, чайналып дагы канча жүрө беребиз?

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер

Булак: NazarNews.kg

Последние новости