www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-августта интернетте Ысык-Көлдө 4 жаштагы кызды издеп жаткандар көлдөн башка адамдын сөөгүн табышкан.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Тоң районунун ички иштер бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бул табылга тууралуу саат 12:45те билдиришкен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, чөгүп кеткен адамдын өздүгүн такташкан. Ал дайынсыз жоголгон, Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну И.Б. экени аныкталган. Ал талма оорусунан жабыркаган жана 5-августтан бери изделип жаткан.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости