www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов кыргыз тарбиясындагы өзгөчөлүктөр жөнүндө пикирин билдирди.

«Адам болуп, Адамча жашоо билими – Тарбия жалаң эле балдарга, жаш өспүрүмдөргө керек эмес, өмүр бою адамды коштоп жүрүү керек, бул билимге орто муун, улуу муун да муктаж – деп ишенген бабаларыбыз нарк, салт, жүрүм-турум, адеп эрежелерин жашына жараша, кырдаалга ылайык калыптандырып, тыйуу, чектөө, үлгү, уят түшүнүктөрү аркылуу турмушка ашырып келген.

Кимдин атын биринчи алат, ким боз үйгө биринчи кирет, ким кайсы жерге олтурат, ким сөз баштайт, кимге кандай жилик тартылат, ким бата берет, кимге кандай сый, кимге урмат көрсөтүлөт ж.б. адам мамилелеринин баары адилет, калыс, акыйкатты өзүнө камтып, адамдын көңүлүн калтырбай, шагын сындырбай, намысына тийбей, эч кимди кемсинтпей, басынтпай, ынтымак-биримдикти камсыздоого багытталган социологиялык иликтөө болгон.

«Бул тарбия көргөн эмес го» - деген сөз таяк менен ургандан да оор болчу. «Эл караган бетимди жер караттың го», «Элди аралап баса албай калдым го», «ал айбанга эмне теңелесиң», «кол кири кетсе да, жүрөк кири кетпейт», «акмакка - ачуу жолдош, адамга – акыл жолдош», «менсингендин аягы – шор, өзү – кор», «акылынан ачуусу көп адам – журттун азабы», «ийгилик адилетке жараша», «адамдын биринчи душманы - өзүндөгү тетири мүнөз», «адам - өз кемчилигине кул», «адамды сактаган - адамгерчилик касиети», «адамдын салмагын эл таразалайт», «бейпил турмуш белди бошотот», «абийир адамгерчилик менен табылат», «бал сөз баш айландырат», «эл бактысы – ынтымак», «адеп – адамдын көркү», «жаман сөз - чиритет», «нуска сөз - өмүр азыгы», «жакшы адам тилекти жалпыга тилейт», «адамдын ыйык милдети – адамча жашоо», «улуулуктун белгиси – жөнөкөйлүк», «оокат табылат, намыс табылбайт», «тобо кылган бай болот», «пейили тарга - дүнүйө да тар», «элине пайдасы жок адамдын малдан айрымасы жок», «Теңирдин жолунан чыкпасаң – Теңирге жагасың», «адал жашасаң бактылуу болосуң», «тагдырды, намысты, абийирди – сатып ала албайсың», «тарбия – турмуштун сырын ачып берүү», «өмүрдүн жолу – бир, өлүмдүн жолу – миң» ж.б. миңдеген макал, учкул сөздөр кыргыздын тарбиясы буту баскан баладан баштап «сексен – кара жер менен тең» деген карыяга чейин баарын «адам болуп, адамча жашоонун» чегинен чыгарбай келген», - деди Дастан Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости