www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Жумабеков бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында 3-өлкөлөрдөн келгендерге кайрылды.

Төрага: “Дүйнөнү дүрбөткөн коронавирус эпидемисы күчөп жатканына байланыштуу кайрылуу жолдойм. Айрыкча, бул 3-мамлекеттен келгендерге арналат. Келээриңер менен эле аэропорттордогу врачтарга барып, мени текшергиле, мен карантинге жатайын деп кайрылгыла. Айрым чет өлкөдөн учуп келгендер үйүнө жатып алып, Фейсбуктан "мени аэропорттон текшербей өткөрүп жиберишти" деп жазып жатышат. Өзүңөр тийиштүү органдарына кайрылып, карантинде жатайын деген чакырык таштасаңар”,-деген сунушун айтып, коронгавирустун алдын алууга чакырды.

 Мындан сырткары өкмөткө: “Коомчулук биздин улуттук теле берүү каналдардан коронавирустун алдын алуу боюнча атайын программаларды даярдап, түшүндүрүү  компаниясын түзсөңүздөр. Буюрса, бул күндөр да өтүп, акыры жакшы күндөр келет”,-деп сөзүн жыйынтыктады.

Эске сала кетсек, коронавирус азыркы учурда дүйнөнүн 110дон ашык өлкөгө тарап, 125 миң киши аталган илдеттен жабыркап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости