www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү жалгыз ургаачы ак акыра атып өлтүрүлдү

Дүйнөдөгү жалгыз ургаачы ак акыраны браконьерлер  атып өлтүрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кениянын Гаррис аралындагы корукта сейрек кездешүүчү жалгыз ургаачы ак акыраны браконьерлер баласы менен атып салышты. "Сейрек кездешүүчү, уникалдуу жаныбарларды сактоого кылган аракетибиз жокко чыкты. Ак акыранын өлтүрүлүшү биз үчүн чоң трагедия болду",- деп билдирген корук башчы.

Белгилей кетсек, акыранын сырткы териси мутацияга кабылгандыктан ак түскө өтүп кеткен. Ал 2017-жылы корукка алынып келинип, элди таң калдырган. Келгенден бери акыра эки ирет тууган. Тилекке каршы, ал эки баласынын бири эле аман калганы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости