www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз журтучулугуна аттын кашкасындай таанымал, Эл артисти, куудул, актёр Күмөндөр Абылов бүгүн NazarNews.kg маалымат агенттигине келип кеңири маек куруп берди. Анда кеп башынан болсун.

- Баягы көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан: "Күмөндөрдүн күлкүсү" жок болуп кетти?...

- Чын эле өзүң айткандай, баягы Күмөндөрдүн күлкүсү деген ат менен, жок дегенде жылына бир жолу коюлуучу концерттерим кийинчерээк, кээ жылы коюлбай да калчу болду. Күчкө салып, өзүн өзү актаса болду, атагым түшпөсүн деп, коё бере турган деле күчүм бар... Бирок, ойлоп көрсөм убарачылыгы көп, концерт койгондон ашыгың чыгып кетет. Себеби жеке эле менин эмес, азыр концерттин баарына эле мурдагыдай эл келбей калбадыбы... Эл азыр каалаган концертин интернеттен каалашынча көрүп алат. Тойдон көрүп алат. Анын үстүнө азыр артист көп. Быйыл маданият жылы деп койсо, жүрүш-турушун оңдоп, элди китеп окуганга үндөп, театрга барып, ар кандай маданий иш-чараларды уюштурушуп элге үлгү болушпай, "Кош жылдыз" дешип, депутаты баш болуп чиновниги деле, мугалими деле, врачы деле ырчы. Бүт эле актёр, кино режиссёр! Биз ыйык көргөн сахнаны, экранды, радиону, теле каналдын баарын тебелеп кетишти. Алардын оюнда маданият десе, өңдүү-түстүү ырчылардан бирөөнү таап алып, чучуктай чыңырып эле, ырдап жатып калыш керек экен. Өз алдынча театрга же филармонияга барып спектакль көргөн, же концерт көргөн бир чиновникти көрбөйсүң. Өткөн айда Президент филармонияга барды эле, чоңдордун баары барышты го, күнүгө эле ошо жерде жүрүшкөнсүп...

- Андан да азыр, жер-жерлерде "Шайыр апалар" деген, жалаң пенсиядагы апалардан түзүлгөн ырчы топтор көп. Ар бир райондо бирден-экиден бар. Бизге караганда ошолор гостролго көп чыгышат. Кээ бир топтор кыштыр-жайдыр Кыргызстанды түрө кыдырып, Россия, Түркияга чейин барып-келип турушат. Спонсорлору балдары. Баарына оп-окшош кылып, эки-үч сыйрадан кийим тиктирип беришет. Концерттеринин билеттерин өткөрүп, ырларынын минусовкасын (аранжировкасын десе болот) жасатып берип турушат. Концертинде балдары, келин-кыздары биринен бири өтүп, корзина-корзина гүлдөрдү тапшырышып, укмуш! Мен алардын ырдашына каршылыгым жок. Карыганда балдарынын урмат-сыйын көргөнгө эмне жетсин! Бирок, биринин абышкасы бар, бириники жок, биринин баласы табышкер, бириники чабал... Андан көрө үйдө абышкасы бары, абышкасынын кашында, неберелердин жанында күлкүсүн угуп, көз салып, анчалык эле ырдагылары келсе, майрамдарда, кароо-сынактарда, ыр-кеселерде ырдашса деле болот го дейм?! - дейт куудул Күмөндөр Абылов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости