www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйында ар түрдүү маселелер каралып жатат.

Коронавирус илдети бүт дүйнөгө жайылып жатат. Мындан улам дүйнөлүк экономикалык кризис башталды. Ошондуктан, биз азыртан анын алдын алуу чараларын көрүп, өлкөнүн экономикалык абалына көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Эмне кылышыбыз керек? Биринчи кезекте ашыкча чыгымдардан арылышыбыз керек! Ал үчүн мамлекеттик бюджетти балансташтырып, пайдасыз тендерлерди, жөнү жок курулуштарды токтото туруу зарыл. Ошондой эле, Өкмөт экономикалык өнөктөштөр менен соода-экономикалык алакаларды доллар менен эсептешүүнү токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютага өткөрүү маселесин чечип алуусу зарыл», -деди Бекешов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости