www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 7-февраль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Аксы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн 102 телефон номуруна Аксы аймактык оорукананын дарыгери, аталган оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну, жаш өспүрүм 2004-жылы туулган Т.М. денесинен жараат алып, ооруканага түшкөндүгүн кабарлаган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул маалымат боюнча милиция тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала териштирүүдө, окуя 2020-жылдын 6-февраль күнү саат 13:30 чамасында Авлетим айылындагы №5 А.Кабаев орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде өзүнө теңтуш 9-класста окуган 6 бала “Чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгондугу такталган.

Ошондой эле окуя боюнча жабырлануучунун апасы 1981-жылы туулган. О.З. арыз менен Аксы РИИБне кайрылган.

Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ошондой эле окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун апасы О.З. мыйзамдуу өкүлү деп табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө О.З. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз менен кайрылган.

Бирок Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арыз канааттандыруудан баш тартылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат.

Белгилей кетүүчү жагдай, социалдык тармактарга тараган видеодогу “Таасирлүү адамдар ортого түшүп, ишти жаап салышкан” - деген пикир чындыкка дал келбейт жана милиция бул ишти толук кандуу, объективдүү жана ар тараптуу текшерүүгө алып аягына чыгарат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости