www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов NazarNews.kg маалымат агенттигине маек куруп жатып, бул жолку дүйнөлүк каатчылык 2008-жылдагы кризиске салыштырмалуу татаал жана катаал боло тургандыгын божомолдоду.

-Доллардын көтөрүлүшү жалгыз гана эмгек мигранттары үчүн эмес дүйнөлүк коомчулукка залакасын тийгизиши мүмкүн. Токио, Эр-Рияд (Сауд Аравиясы) жана Москвадагы биржаларда бул чоң талкууланып жатат. Эксперттердин айтымында, бул жолку кризис 2008-жылдагы дүйнөлүк каатчылыктан таталыраак жана каталыраак болушу мүмкүн. Мунун бирден-бир себеби Коронавирус илдети болсо, экинчиси мунайзатка болгон баанын кескин түшүп кетиши себеп болду. ОПЕК+ деген чоң уюм бар, ал мунайзаттын өндүрүмүн кыскартуудан баш тарткандыгы каатчылыкка кептечүдөй болуп турат. Ошону менен Сауд Аравиясы кара алтынга болгон бааны төмөндөттү. Азыр бир баррель мунайзат 30 долларга түштү. Мындай көрсөткүч 2004-жылы болгон. Ошентип, рублдын анын аркасынан сомдун наркы  түштү. Буга карата Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул жагдай кыргыз экономикасына залакасы тийгизбейт, интервенция кылдык, коркунуч жок деп жатат, мен ага ишенбейм, - дейт Жеңиш Молдокматов.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости