www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн эл сыяктуу 9 ай гана наристелерди көтөрбөй, Гиннестин китебине жазыла тургандай 21 ай көтөргөн? Сапар Исаков 2018-жылдын 5-июнунду убактылуу жайга камалган. Анткени, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деген Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча айып тагылган.  Андан бери туптуура 21 ай болгон соң эгиз уулдуу болду. Бешик боосу бек болсун! Деги анын бийликке келишине ким кол кабыш кылган? Эл аралык Университетти  бүтүрүп, ошол жерде сабак берип, кагазын көтөрүп Тышкы иштер министрлигине дембе-дем каттап жүргөн сары жигит дипломатиялык ишке орношкон соң, ушул жерде министр болуп турган жердеши Аликбек Жекшенкуловдун көзүнө чалдыгып калат. Жердештикке эмес ишине көбүрөөк маани берген Жекшенкулов ишке тың жигиттин кызмат тепкичинен тез көтөрүүлүсүнө өбөлгө болуп, Сапар Исаковго “жашыл жарык” күйгүзүп берген. Кызыгы, Сапар Исаков Атамбаевдин заманында баралына келип, “экинин бири” болуп турганда Аликбек Жекшенкуловго иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлбөй, Тышкы иштер министрлигинин бардык эшигине “кызыл жарык” жанып, Сапар Исаковду көтөрмөлөп келген Аликбек Жекшенкулов сыртка сүрүлүп калган. Сапар Исаковдон кийинки өкмөт “Атаң алтымышка толгондо алдап-соолап күчүн ал” дегендей, Жекшенкуловду Орусиядагы элчиликке дайындаган. Учурунда Аликбек Жекшенкулов Коомдук  парламент түзүп, премьер-министрликтен кетип, оппозицияга кошула албай турган Атамбаевди ушул жакка кийирип элге кошкон. Болбосо акактап калган Атамбаев саясаттан четтеп калган.

Жумакадыр Исаков Ош, Жалал-Абадда номенклатуралык кызматтарда иштеп, уулу Сапар Исаков мектепти Түштүк тараптан аяктаган. Анын саясий карьерасынын өсүшүнө бул да себеп болду. Сапар Исаков ЦАРИИнин коммуникациялык кызматын жетектеп 2010-жылдын 6-апрелинде Максим Бакиев менен Штаттарга учуп кеткен мезгилде бийлик алмашып кетет. Максим Бакиев ошол бойдон Кыргызстанга кайрылып келбейт, Сапар Исаковдун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында туулуп, жашаганы себеп болуп, кудуңдап жетип келип, аламүдүндүк Исаков аламүдүндүк Атамбаевдин тилин таап, ошол замат Убактылуу Өкмөттүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп калат. Атамбаев президент болгон соң президенттик аппараттын тышкы саясатын Аппарат жетекчисинин орун басары деңгээлинде жетектеп калат. 2017-жылдын 1-мартында президенттик аппараттын жетекчиси, ошол эле жылдын 25-августунда өкмөт башчысы болуп шайланат. Атамбаевдин буту тайыганы, Сапар Исаковдун да буту тайып 2018-жылы 19-апрелинде өкмөт башчылыгынан кетип, 29-майда коррупция боюнча айып тагылып, 5-июнда камакка алынат.

Буга чейин ар тараптык болуп жүргөн Сапар Исаковду коргоо боюнча Кочкордо кыймыл башталат. Анын атасы кочкорлук Жумакадыр Исаков  2017-жылдын  24-майында акты карайт. Аттиң, Атамбаевдин ишенимдүү “Сапарушкасы” болгону менен Теңдикти мындай койолу, Кочкордогу өз ата-энесинин үйүн карап да койбоптур. Маркумга топурак салганга ал кездеги президент Атамбаев келерин угуп түнү менен Кочкордун ДЭУсу жолду оңдоп чыкса, РЭСи жана башка мекемелери алкынып, чамынып чыккан. Аларга тиешелүү эмгек акылары деле төлөнүп берилген жок. Эмне үчүн  ишенимдүү “Сапарушкасы”, анткени башка жаштарды Алмазбек Шаршенович “Балашка” атаганы менен бир гана Сапар Исаковду “Сапарушка” атаган. Жумакадыр Исаковдун бир тууганы Исабек Исаков кыргыз элине белгилүү акын, жазуучу болгон.

2019-жылдын 6 -декабрында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Андан тышкары дипломатиялык рангдары менен “Манас” ордени алынып, үч жылга мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратылды. Байлык менен бийлик азыркы учурдагы жаш экс-өкмөт башчысын жыкты. Учурда жаза өтөп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эгиз уулдуу болду. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары тастыктады. Исаков буга чейин төрт кыздын атасы болгон. Кичүү кызы 2017-жылы 1-октябрда, атасы өкмөт башында турган кезде жарык дүйнөгө келген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости