www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖК Төрагасы Д.Жумабеков Балыкчыдагы №20636 аскердик бөлүгүнө барып, аларды майрамы менен куттуктады
Кечээ, 20-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы №20636 аскердик бөлүккө барып, анын абалы менен таанышты.
2016-жылы аталган аскердик бөлүктүн бир имараты жаңыланган. Андан тышкары, келген меймандарды спорт залы, жуунучу жайы жана ашканасынын абалы менен да тааныштырышты. Бөлүктүн жетекчиси аскерлердин муктаждыктары тиешелүү деңгээлде каржыланып жаткандыгын билдирди.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бөлүктүн кызматкерлери жана аскерлер менен жолугушуп, аларды 23-февраль – Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
“Силердин күжүрмөн эмгегиңердин арты менен өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, балдардын күлкүсү жаңырууда. Биз үчүн ар бир аскер кымбат. Ага ылайык, жылдын бюджетин кароо учурунда, коргонуу тармагына бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көтөрүү аракетин көрүүдөбүз. Коомчулук да өлкөбүздү бекем коргоп жатканыңыздарга ишенет. Азыркы учурда биздин армия дагы да адистештирилип, жакшырып калды. Мындан ары да өнүгө берет деген үмүттөмүн. Мурда жаштар аскердик милдетти өтөөгө көңүл бурбай келген болсо, акыркы жылдары мекени үчүн кызмат кылууну каалагандардын саны арбып барат”, – деди Дастанбек Жумабеков.
Жолугушуунун соңунда аскердик бөлүккө эки телевизор, эки компьютер жана принтер белекке берди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg