www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биздин айыл чарба азыктарыбыз ЕАЭБдин рынокторунда, дүйнөлүк рынокто атаандаштык түзө алат. Аны үчүн биз айыл чарбасында туура саясат жүргүзүп, фермерлерибизди колдоп, аларга туура багыт беришибиз керек», -деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Баткен шаарында биофабриканын ачылышында.

Мамлекет башчысы катышуучуларды заманбап фабриканын ачылышы менен куттуктап, ишкана Баткен облусунун калкынын жашоосун жакшыртуу максатында иштейт деген ишенимин билдирди.
“Биологиялык фабриканын ачылышы бүтүндөй республика үчүн абдан жакшы жаңылык. Биофабрика экологиялык жактан таза продукция чыгарууда зор мааниге ээ. Бул жерде айыл чарбасынын зыянкечтерин жок кылган, ошол эле учурда адамдын ден-соолугуна зыяны жок дары-дармектер чыгарылат. Айыл чарбалуу деп эсептелген Баткен аймагына дал ушундай ишкана керек эле”, -деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, натыйжада айлана чөйрөгө жана адамдын ден-соолугуна коркунуч туудурган химиялык заттарды пайдалануу кыскарат. Дал ушундай органикалык таза биодары-дармектерди пайдалануу ыкмасын таратуу зарыл.

Президент Кыргызстандын келечеги экологиялык жактан таза продуктыларды өндүрүүдө, ошондуктан фермерлер бүгүнкү күндө Бишкекте, Ошто, Баткенде иштеп жаткан жана Нарында курула турган биофабриканын дары-дармектерин пайдалануусу зарыл экендигин баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков ишкананын ишине ийгилик каалап, алардын ишмердиги фермерлерге жана өлкөнүн айыл чарбасына пайда алып келсин деди.

Маалымдама: Учурда Баткен шаарында биофабриканын курулушу аяктады, суу түтүктөрү жана канализация өткөрүлдү, биологиялык аппараттардын монтажы даярдалды. Биофабрика айыл чарба багытындагы биодары-дармектерди чыгарат. Натыйжада облус органикалык-биологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мындан тышкары биофабриканын аркасы менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине жана отоолорго каршы күрөш биологиялык жол менен ишке ашырылып, келечекте химиялык дары-дармектерди пайдаланууну жокко чыгарат.

Биофабрика 25-30 адамды жумушчу орун менен камсыз кылат. Ишкананын жалпы сметалык наркы – 14 млн. сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости