www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Жыйында 2014-жылы ЖЭБдин реабилитациясына Кытайдан алынган 386 миллион доллардын сарамжал пайдаланылышы тууралуу маселе талкууланды.

Талкууга Каржы министрлигинин, Улуттук энергохолдингдин, “Электр станциялары” ишканасынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев келишим боюнча Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоонун 1 киловатты 1287 доллар деп жазылганын, иш жүзүндө 1286 доллардан айланганын айтты. Башкача айтканда, 300 миң доллар айырма бар экенин билдирди:

- Бул жерде 1 доллар айырма. Жалпысынан 300 миң доллар. Бул катабы же эмне?

Мекеме башчылары бул жагдайды түшүндүрүп бере алышкан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости