www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттун эрежесиз мушташ багытына кошкон салымы үчүн Валентина Шевченкону атайын энчилүү саат менен сыйлады. Сыйлыкты тайбокс, бокс жана дзюдо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченко спикердин колунан 16-февралда алды. Спортчу өзү машыгууларга байланыштуу келе албаганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп чыгат.​ Кийинки жылдары эрежесиз мушташ боюнча эл аралык таймаштарда ийгилик жаратып келатат. “Аялдар арасындагы мыкты тайбоксчу” наамы бар. Алгачкы титулун таэквондо боюнча 2002-жылы алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости