www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ростов областынын тургуну 15-февралда педиатр врачга 3 айлык өлүк наристесин көрүп бериңиз деп көтөрүп барган.
Бизге жеткен маалыматтарга таянсак 14-февралда ымыркайдын апасы курбу кызы менен бирге "сүйүшкөндөр" күнүн белгилеген. Аялдар абдан майрамдап мас болуп калган.
Эртеси туруп дагы эле мастыгы тарай элек ымыркайдын энеси жансыз наристесин эмизмекчи болуп колуна алганда эмизе албай койгон. Андан соң 11 сааттан кийин кайрадан эмизмекчи болуп колуна алгандан кийин гана, ымыркайы дем ала албай жатканын көрүп врачтарга жөнөгөн.
Врачтар өлүк наристени көргөндө кадимкидей шок абалында болуп нес болуп калышкан. Врачтар жансыз денени моргго беришип, текшерүүгө жөнөтүшкөн.
Жергиликтүү тургундардын айтымында ымыркайдын энеси алкогол менен достошуп көп убактысын арак ичүүгө жумшачу экен. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Булак: NazarNews,kg