www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйынын өткөрүп жатып, аялынын бизнесин ачыктады. дары-дармектерди дүңүнөн сатуу менен алектенерин билдирди.

Спикер бизнес маселеси боюнча:

«Жубайымдын чакан ишканасы бар. Аны чоң деп айта албайм. Ал ишканасы жана башка бизге тиешелүү мүлк декларацияда көрсөтүлгөн. Анын товар айлантуусун эле карап көрсөңүз, ошон үчүн чакан деп жатам. Бирок бүгүнкү күндө ишти токтотуп койду. Чынын айтканда, ушундай сөздөрдөн алыс болоюн деди. Юридикалык жак катары катталып турат, бирок ишин токтоткон», — деп жооп берген

Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган документте Дастан Жумабековдун аялы Алина Кушубекова Фармацевтикалык товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенген «Ал-Био фарм» ЖЧКсынын директору катары көрсөтүлгөн. 
Жогорку Кеңешке төрага болгондон бир жума өткөндөн кийин жубайы Бишкектеги компаниялардын бирине директор болгону маалым болду. Аталган компаниянын төрт жетекчиси болгон. Алар: Чолпон Кыдырбекова, Чыңгыз Изабеков, Алина Кушубекова, Алмазбек Изабеков.

2017-жылдын 3-ноябрында кайра каттоо болуп, төраганын жубайы Алина Кушубекова директорлукту Алмазбек Изабековдон өткөрүп алган. Түптөөчү катары да Изабеков менен Кушубекова экөө эле калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости