www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы жыйында сүйлөп жатып, коронавирустун жайылышына каршы турууда депутаттар, коомчулук, өкмөт бирге иштеши керек экенин айтты.
«Урматтуу депутаттар, эпидемия менен чогуу күрөшүүгө чакырам. Элди, коомчулукту да ушуга үгүттөйлү. Өкмөт өз милдетин аткарышы керек. Бирок кайсы жетекчилик кемчилик кетирип, шалаакы мамиле кылса жоопкерчиликке тартылышы керек. Мен ушуну талап кылам», - деди Жумабеков.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды. Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.
Ал эми Умра сапарынан келген Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундарынын коронавирус аныкталганына байланыштуу, Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Булак: NazarNews.kg