www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды. Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.

Учурда коронавирус жуктуруп алгандар менен учакта чогуу келген 90 адам медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

Коронавируска кабылгандардын баары эркектер кишилер, алардын жаш курагы ар түрдүү. Илдет боюнча  тесттен өтүү жана дарылануу бекер.  Азыркы тапта коронавирустан жабыркагандар менен бир учакта учуп келген 135 кишинин баары табылып карантинге алынса, алардын 90 анализ тапшырууда.

Эске салсак, учакта илдетти жуктургандар менен чогуу 135 адам кайтып келген. Алардын сегизи Сауд Аравиядан келе жаткан. Арасында бир аял бар. Азыркы тапта каттамда бирге болгон 90 адам анализ тапшырып, медициналык кароодон өтүүдө.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости