www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

"Кымбаттуу айымдар!

Кадырлуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан жаз майрамы, 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күндүн жер ойгонуп, аалам жаңырып, адамдар жылуулук жана жаңылануу күткөн жаз мезгилинин алгачкы күндөрүндө белгиленип жатышы да бекеринен эмес. Анткени аялзаты көктөм жаздай сергек, көркөм байчечекейдей сулуу. Мээримдүү энебиздин, жаншерик жарыбыздын, күйүмдүү бир тууган, сүйкүмдүү кыздарыбыздын жаркын мамилеси, сылык күлкүсү өмүрүбүздү шаңга бөлөйт. Асылзат айымдардын колдоосу менен мырзалар бийиктикке умтулуп, келечекке кайрат менен кадам шилтейт.

Ардактуу айымдар!

Үйдүн куту болуу менен, өлкө келечеги үчүн жасап жаткан эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, жакындарыңыздардын жанында аман-эсен жүрүңүздөр. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, бекем ден-соолук, бакубат турмуш каалайм! Жаркыраган жаз жашооңуздарга жакшылык, бакыт жана ырыс-кут алып келсин!,- деген куттуктоодо Дастанбек Жумабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости