www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жарыялаган билдирүүсүндө айымдарды «8-Март Дүйнөлүк аялдар күнү» менен куттуктады. Бул тууралуу trt.net.tr жазып чыкты.

Билдирүүсүндө айымдардын көрсөткөн жароокерликтери менен коомчулуктун калыптанганына көңүл бурган президент Эрдоган: «Жароокерликтери, эмгектери, мээримдери жана күрөшүүлөрү менен келечегибиздин калыптанышында зор милдетти аткарган, адамзаттын биринчи мугалими айымдарыбыздын Дүйнөлүк айымдар күнүн куттуктаймын»,-деди.

Президент Эрдоган, аялдын үй-бүлө жана коомчулуктун негизги таянычы болгонун баса белгилеп: «Билим берүүдөн тартып жумуш турмушуна жана саясатка чейин бардык тармакта айымдарыбыздын сөз ээси болуулары, маселелерин ачык айта алуулары, чечүүчү жолду сунуштай алуулары менен жол көрсөтүүчү болуулары жана алдыңкы ролду милдеттенүүлөрү чоң мааниге ээ. Бул процессте билимдүү, өзүнө ишеними жогору жана тайманбас айымдарыбыз эң чоң кепилдерибиз болуп саналат»,-деп айтты.

Эрдоган,бөлүүчүлүктү жоюунун коомчулуктун ар бир катмарынын милдети болгонун белгилеп өттү.

Ошондой эле билдирүүсүндө зомбулуктун курмандыгы болуп каза болгон айымдардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеген президент Эрдоган, шейиттердин жакындары болгон айымдардын кайраттуу болушун тиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости