www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Декларацияны сактоо мөөнөтү узартылды

Мамлекеттик кызматкерлер жана депутаттар жылдык кирешелери, мал-мүлкү тууралуу  жылына декларация толтурушат. Коомчулук алдында жогорку кызматтагы аткаминерлердин кирешесин ачык-айкын көрсөтүлүшү керектигин, мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кызматтарда иштеген жетекчилердин жылдык кирешелери тууралуу толтурган декларациясын сактоо мөөнөтүн узартууну президент Алмазбек Атамбаев колдоорун президенттин маалымат катчысы Алмаз Үсөнов билдирди. Анын айтымында, президент декларацияны алты жыл эмес, андан көп убакыт сактоо демилгесин колдойт. «Балким, 25-30 жыл же такыр жок кылбай калтырылышы мүмкүн дегендей. Мамлекеттик кадр кызматы менен Жогорку Кеңеш буга мыйзам түрүндө өзгөртүү киргизсе болот. Ушунун үстүнөн иштейбиз» дейт Алмаз Үсөнов.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости