www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү блогер, Дариха Ишанова Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына Өзгөндөгү жер алдында калган маркумдарды казууну токтоткон бийликке нараазы пикирин жарыялады. Биз анын пикирин өзгөртүүсүз сунуштайбыз:
Бул бийлик элди итчелик, малчалык дагы көрбөйт. Өзгөндө жер көчкү алдында калгандарды издөөнү токтотуптур. Себеби, МЧС маркумдарды издөөнү токтотпосок, көп чыгым кетет дептир.
Эми, президент Алмаз Атамбаевдин резиденциясына арак-шарап үчүн эле 2 500 000 сом, ошондой эле Атамбаевге даарат кагаз үчүн айына 250 000 сом которгондо чыгым кетип атканына кейибейт го бийлик?
"Кумтөрдүн" кумун, ташын калтырбай каздырган бийлик, жер көчкүнү казгандан зээригип жатабы? Бул эмне деген кайдыгерлик? Эмне деген акмакчылык. Алардын артында калган туугандары эми өмүр бою жүрөгү канап жүрүп өтөт.
Аларды жер басып калган күнү эле Атамбаев кенебестик кылып, "аларга айтканбыз, көч дегенбиз. Көчпөй, малдын артынан жүрүп өлүп калышты. Аларга мал кымбат. Менин апам жалгыз козусун союп берчү" деп тантыраган. Бул ошол күнү эле маркумдарга кайдыгер экенин көрсөткөн.
Атамбаев ал тургай Дача Суда кыйраган самолеттен каза тапкандарга барган эмес. Ага адамдардын өлүмү кызыктырбайт.
Эсиңерде болсо керек, Дача Суда кырсык болгон күндүн эртеси эле мен самолетто жүк Атамбаевдин аялыныкы экенин жарыялагам. Ошондо айрымдар мени ушакчы деп кыйкырышкан. Кийин мен айткандай болуп чыкты. Себеби, мен ишенимдүү кытайлык байланыштарымдан маалымат алгамын.
Ошондо Атамбаев аябай кайгырып, ооруп үйүндө жатып калган. Көп күн кабарсыз кеткен, себеби жүк өтө баалуу болчу. Ал эч качан адамдардын өлүмүнө кайгырбайт, түкүрүп салат.
Дача Судагыларды чакырып көңүл айтканда анын кебетесин эстеп көргүлөчү, өңү бозоруп илкий басып калган. Азыр, анын жүгүн жүк ташыган компания калыбына келтирип берди. Атамбаев кадимкидей азыр толмоч тартып, бетинде кубаныч пайда болду. Өзгөндө кырсык болгон күнү ТВ аркылуу кайрылуу кылгандагысын байкагыла, кайгырган түрү жок, күбанып, табалап сүйлөдү. Ушундай кемчонтой адамга адам өмүрү, жер алдында калгандар бир тыйынчалык дагы эмес. Атамбаев адам өлтүрүп, адам өлүмү менен өзүнүн кызыкчылыгын көздөп көнүп калган. Ал, 2010-жылы деле бей бечараларды алдыга салып барып, аларды белгисиз тараптан аттырып, кандуу жол менен бийликти тартып алган. Атамбаев бул - Чикатило. Ал адамдарды байлыктан төмөн, мал менен бирдей эле көрөт. Ушундай наадан президентке кор болгон элибиз шордуу экен.
Маалымат Дариха Ишанованын баракчасынан алынды, редакция жоопкер эмес.