www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын демилгелеген жалган маалымат тууралуу мыйзам долбоору сөз эркиндигин басмырлабайт” - деди бүгүн, 25-августта NazarNews маалымат агенттигине саясат таануучу Денис Бердаков.
Саясат таануучунун пикири боюнча, мыйзамда талаштуу жерлер бар, бирок алар бир гана интернет провайлерлерге тийешелүү.
- Коомчулукта буга чейин талкууланып, түрдүү пикир жараткан мыйзамга кол коюлду. Бул сөз эркиндигин басмырлоого шарт түзүп койбойбу? Бул мыйзам Кыргызстанга керекпи?
- Буга окшогон мыйзамдар дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө бар, анткени байланыш провайдерлери тигил же бул маалыматты туура эмес деп эсептесе алдын ала блоктоп же жок кылып салышат.
Көп өлкөлөрдө интернетке кирүүнү катаалдаштырып койгон. Мисалы АКШ сыяктуу өлкөлөрдө купуя кирүү такыр эле мүмкүн эмес. Анын үстүнө Кыргызстанда бул көйгөй алдыңкы планга чыкты деп ойлойм. Ошондуктан бул тармакты көзөмөлдөбөй коюуга такыр мүмкүн эмес. Мындай мыйзам азыр Кыргызстанга аба менен суудай керек. Бул жерде мыйзамды системалуу түрдө укуктук негизде колдонуу тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан, сөз эркиндигин басмырлоого шарт түзбөйт.
Булак: NazarNews.kg