www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев президенттен “Манас” аэропортуна кетчү трассада кырсыкка кабылган балдар үчүн мектеп куруп берүүнү суранды. Бул тууралуу ал бъүгүн, 27-апрелде парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ага Лесное айылынын тургундары кайрылган.

“Балдар билим алуу үчүн маршрутка менен башка айылга барып окууга мажбур. Кырсыктын кесепетинен бир нече бала жандандыруу бөлүмүнө түшүп калышты. Мындай нерсе кайра кайталанбаш керек. Бул маселени Садыр Жапаровго жеткирүү керек”, - деди депутат.

Эске сала кетсек, 20-апрелде “Манас” аэропортун көздөй бара жаткан трассада кырсык катталып, окуучуларды ташыган автобус оодарылып кеткен. Анда 18 бала жана эки чоң адам болгон. Алар Лесное айылынан Манас айылындагы Ат-Башы лицейине сабакка бара жатышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости